Жакынкы мезгилдеги берилчү гранттар — кантип, кайдан алса болот

Жакынкы мезгилдеги берилчү гранттар — кантип, кайдан алса болот

ИШКЕР MEDIA окурмандарына жакынкы мезгилдердеги берилүүчү гранттар, сынактар тууралуу маалымат берүүнү улантат. Төмөндө дедлайны жакынкы жай айларына туш келген бир канча сынактарга көңүлүңүздөрдү бурабыз.

КРнын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин долбоорлорунун конкурсу

  • Гранттын суммасы: 400 миң — 2 млн сом
  • Мөөнөтү (узартылган): 30-июль

Connect4pro булагынын берген маалыматына ылайык, КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги социалдык заказдын алкагында Мамлекеттик социалдык заказга ылайык, коомдук пайдалуу долбоорлорго сынак жарыялайт.

Сынактын катышуучуларына коюлуучу талаптар:

  1. Сынактын катышуучулары өз ишин жүзөгө ашырган коммерциялык эмес уюмдар (саясий партияларды кошпогондо) боло алышат.
  2. Сынактын жарыяланган темасы боюнча бир жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктор катыша алышат.
  3. Сынактын катышуучусу юридикалык жак катары катталууга жана банкта өзүнүн эсебине ээ болууга тийиш. Эгерде конкурстун катышуучусунун банктык эсеби жок болсо, ага тендердик документтер берилген күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде банк эсебин ачууга мүмкүнчүлүк берилет.

Кыргызпатенттен "40 райондон 40 демилге" долбоорлорунун конкурсу

Кыргызпатент "40 райондон 40 демилге" жаңы долбоорунун алкагында 1 млн сомго чейин инновациялык демилгелерди жана 500 миң сомго чейин стартаптарды каржылоого даяр экенин билдирди.

Тандоого катышуу үчүн 2023-жылдын 1-августуна чейин өтүнмөнүн формасын толтуруп, райондук мамлекеттик администрациялар аркылуу 40demilge@patent.kg электрондук дарек боюнча Кыргызпатентке тапшыруу керек.

Тандоонун тартиби жөнүндө жобо жана өтүнмөнүн формасын бул жерден алсаңыз болот.

  • Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу байланышууга болот: 0312 680471, 0755 11 44 24.

Климаттык аракеттер фондунун долбоорлорунун сынагы

  • Гранттын суммасы: 5 млн — 25 млн доллар
  • Дедлайн: 31-июль

Климаттын кескин өзгөрүшүн жумшартуу боюнча иш-аракеттер фонду узак мөөнөттүү стратегияларды ишке ашыруу үчүн климаттын өзгөрүшүн азайтуу боюнча амбициялуу долбоорлорду каржылоону улантат.

Фонд негизинен үч артыкчылыктуу секторго — энергетикага, транспорт тармагына жана өнөр жайга багытталган. Климаттын өзгөрүшүн жумшартуу боюнча эң дымактуу жана ишке ашырыла турган долбоорлор төмөнкү этаптарды (фазаларды) камтыган комплекстүү процесс аркылуу колдоо көрсөтүү үчүн тандалып алынат: концепция, пландаштыруу, деталдуу даярдоо жана ишке ашыруу.

Кененирээк маалымат алуу үчүн бул жерден карасаңыз болот.

She Loves Tech

  • Гранттын суммасы: 500 миң доллар
  • Дедлайн: 17-август

She Loves Tech – бул аялдар жана технологиялар үчүн дүйнөдөгү эң чоң акселератор платформасы болуп саналат. Технологиялык стартапка болгон негизги талаптар: негиздөөчүсү аял, аны колдонуучу жана керектөөчүлөрдүн көпчүлүгү да аял болуп, аялдардын жашоосун жакшыртууга таасирин тийгизиши керек. Аталган долбоордун алкагында, катышуучулар сынактан өтүшөт, окушат жана андан кийин каржылоо алышат.

Бул ири акселереация тууралуу толук маалымат менен уюмдун өзүнүн сайтынан таанышууга болот.

Defence Tech Battle

  • Суммасы: приз (грант) 15 миң доллар
  • Дедлайн: 10-август

Долбоорго тапшырып каржылык колдоо, инвестиция, мамлекеттик келишимдерди жана 15 миң долларга чейин акчалай сыйлыктарды утуп алууга болот. Анда коргонуу тармагындагы ар түрдүү технологияларды, мисалы, акылдуу системалар жана робототехникаларды, киберкоргонуу жана тармактык технологияларды, жасалма интеллект жана коргонуу үчүн машиналык окууну, транспорт жана логистика үчүн автономдук технологияларды сунуштоого болот.

Defense Tech Battle жыйынтыгы боюнча калыстар тобу жеңүүчүлөрдүн 3 долбоорун тандайт:

  • Мыкты инновациялык коргонуу технологиясы
  • Коопсуздук жана коргоо үчүн эң мыкты чечим
  • Революциялык коргонуу чечими.

Арызды 10-августка чейин бул жерден берүүгө болот.

Awesome Foundation

  • Суммасы: 1000 доллар
  • Дедлайн: ай сайын

Эл аралык коом Awesome Amazing Foundation тарабынан 1 миң доллар кайтарымсыз грант алууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар, ал үчүн сиздин идея, стандарттуу эмес, укмуш сонун болушу керек.

Гранттар ай сайын берилет. Аны алууга ар кандай темалар боюнча кайрылууга болот. Арызды орус тилинде толтурса болот, бирок англис тилиндегилерге артыкчылык берилет. 6 млн доллардан ашык сумма 6 356 кызыктуу идеяларга бөлүнгөн.

Аталган фонддун маалыматтарын жеке сайтынан алууга болот.

Белгилей кетсек, жогоруда айтылган гранттарды кантип, кандай шартта алуу керектигин билүү үчүн бул жердеги адистерге кайрылууга да болот.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Өлкө боюнча 7,5 млн сомдон ашык камсыздандыруу кенемтеси берилди

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга күтүлбөгөн кырдаалдар боюнча кенемтелерди төлөөнү улантууда. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, уюмдун Бишкек филиалы тарабынан ОСАГО жана КАСКО-Экстра полистери боюнча жалпы 2 млн 918 миң 984 сом 23 тыйын камсыздандыруу кенемтеси төлөнгөн. Ал эми республика боюнча жалпы 7 млн 503

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте быйыл 120 чакырым жол курулуп, реконструкцияланат

Бишкекте 2026-жылы 120 чакырым автомобиль жолун куруу жана реконструкциялоо пландалууда. Мындан тышкары, 28,1 чакырым тротуар курулат. Бул тууралуу мэриянын коллегиялык жыйынында мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы жылдары борбор калаада жол куруу жана оңдоо иштеринин көлөмү кыйла көбөйгөн. 2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 5

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Бийик тоолуу аймактардагы 30 миңге жакын бала ай сайын 3 миң сомдон алууда

Кыргызстанда бийик тоолуу, алыскы жана айрым чек арага жакын аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн үчүнчү жана андан кийинки балдарына берилүүчү ай сайынкы жөлөк пулду 29,6 миң бала алып жатат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жаңы жөлөк пул 2026-жылдын январь айынан тартып киргизилген. Анын өлчөмү айына 3 миң

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык чыгымдары аудиттен өтөт

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүгө байланышкан чыгымдарга аудит жүргүзүлөт. Мындай тапшырма Бишкек мэриясынын коллегиялык жыйынында берилди. Жыйын мэр Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Жылдызбек Абдраимовдун төрагалыгы алдында өттү. Отурумда борбор калаанын ири эл аралык иш-чараларга даярдыгына өзгөчө