Энергетикалык кризистен чыгуунун бир гана жолу бар — Кара-Кечеде базалык ЖЭБди куруу керек — эксперт

Энергетикалык кризистен чыгуунун бир гана жолу бар — Кара-Кечеде базалык ЖЭБди куруу керек — эксперт

Кыргызстанда электр энергияга керектөө күн санап өсүүдө. Андыктан мамлекет электр жарыгына болгон тарифти өзгөртүү чечимин кабыл алып, 1-майдан баштап колдонуучулардын 14 тобун түзүп, тарифтерди кымбаттаткан болчу. Бирок энергетика тармагындагы эксперт Эрнест Карыбеков тарифти көтөрүү менен бул тармактагы кризистен чыгууга мүмкүн эмес экенин айтат.

Эксперттин пикиринде, кубаттуулугу Токтогул ГЭСиндей болгон Кара-Кечеде базалык ЖЭБди куруу зарыл. Ошол гана Токтогулдагы сууну кышкысын үнөмдөп калууга жардам берет. Өкмөттүн отун-энергетика тармагында бир канча жыл иштеп кеткен Эрнест Карыбеков ИШКЕР MEDIA менен маектешип, өлкөдөгү жалпы абал жөнүндө айтып, кризистен чыгуу үчүн конкреттүү сунуштары менен бөлүштү.  

Энергетикалык кризиске кантип келдик?

Азыркы энергетика тармагынын абалы 30 жылдан бери туура эмес экономикалык моделге өткөндөн — приватташтыруудан, жеке менчик колго бергенден келип чыкты. Өнүгүү-өсүү жолго түшөбүз десек, ошол системаны өзгөртүшүбүз керек. Приватташтырууга өтөбүз деп жатып, мамлекеттик тармакты акционердик коомдорго бөлүп коюшкан — бул юридикалык ыкма менен жеке менчикке алуу дегенди билдирет.

Энергетика тармагы — бул мамлекеттин колунда болуш керек болгон стратегиялык тармак. Анткени бул мамлекеттин коопсуздугуна түздөн-түз тиешелүү. Советтер убагында баары бир союздун ичинде болгондуктан, Өзбекстандыкыбы же Россияныкыбы, баары бир болчу, электр энергия баарыбызга жетчү. Биз болсо Токтогулда сууну топтоп, вегетация мезгилинде берчүбүз.

Азыр болсо Токтогулдан 90%, Бишкек ЖЭБден 10% электр энергияны чыгарабыз. Токтогулдун өзүнүн көп жылдык регламенти бар, ошол инструкциядан тайбаш керек. Аны аткарбаса ал сезондуу болуп калат. Тажикстандагы Нурек ГЭСине окшотуп, суунун көлөмүн жайкысын толтуруп алышып, кышкысын түшүрүп салышат. Токтогул 19.5 млрд куб сууну топтоп, Орто Азия мамлекеттери сууну рационалдуу пайдаланалы деген план менен курулган эле.

Эми биз эгемендүү өлкө болгондон кийин базар шартын түзөбүз деп мамлекеттик тармакты чачып салдык. Ошентип ортомчулар пайда болду. Алар болсо коррупциялык жол менен бийликте иштегендерди сатып алышып, станцияларды биз курабыз деп жетекчилерди кызыктырышты. Мамлекет болсо аларга тарифти жеңилдетип беребиз деп мамлекеттик таратып берген "Түндүк электро", "Чыгыш электро", "Ошэлектро", "Жалал-Абадэлектродон", элге берген тарифтен да төмөн берип салышты. Натыйжада, он жылдап мамлекетке түшө турган киреше ортомчуларга түшүп келди. Министрликтин керектөөчүлөрү канчалык көп болсо, андан бюджетке каражат түшмөк да. Анан азыркыдай тарифти көтөрөбүз деп чыгышпайт болчу. Эгерде экономиканы туура системага киргизсе, тарифти көтөргөнгө деле муктаждык калбайт эле.

Электр энергияга тарифти көтөргөн менен көйгөй чечилбейт

Кыргызстандын энергосистемасы татаал система, аны болсо физиканын, элетротехниканын мыйзамдарын эске алып, суунун көлөмүн 12 млрд куб суудан түшүрбөш керек. Азыр бир эле жолду айтып жатышат "тарифти көтөрүш керек" деп. Мамлекеттин функциясы элин караш керек да. Элге арзан энергоресурстарды бериш керек.

"Башкалар деле кымбаттатып жатышат, биз дагы кымбаттатышыбыз керек" деп жатышат. Башкалар менен салыштыргана болбойт, бизде гидроэнергетика 90%ды түзөт. Ошону пайдаланып, биз бул чөлкөмдөгү эң бай мамлекетке айлансак болмок. Элге, ишканаларга арзан электр энергияны бериш керек, бул экономиканын фундаменти.
Кыргызстанда эки эле базалык станция бар, бирөөсү — Токтогул ГЭСи, экинчиси — Бишкек ЖЭБ. Бизде ошол база урап бара жатат, аны пайдубал деп элестетсек, ошол үйдүн салмагын көтөрө албай  бузулууда. Биз дагы бир базалык электростанцияны курушубуз керек.

Биз жыл сайын Токтогулдагы суунун көлөмүн түшүрүп алып жатабыз. Бизде суу менен көмүр бар, ошол эки эле ресурс менен энергетикадагы кризистен чыгып кетсе болот. Көмүр станция кышында дагы иштеп берет, Токтогулдагы сууну кургакчылык болсо да топтоп турабыз.

Эл аралык мыйзамдар боюнча, сууну кошуна мамлекеттер менен тең бөлүшүшүбүз керек. Бирок биз тең бөлбөй эле КР суунун сугатка 2%ын гана пайдаланат. Биздеги калган көлөмдү кантип капитализация кылышыбыз керек? Кантип рационалдуу пайдаланышыбыз керек? Биз суунун көлөмүн топтоп, жайкысын Өзбекстан, Казакстанга алардын көлөмүн беришибиз керек. Арал деңизине да куюш керек, антпесе ал кум, туз менен аралашып шамал менен келип, биздин мөңгүлөрүбүздү ээритет.

Биз электр энергияга болгон керектөөбүздү канааттандырабыз деп, кышкысын сууну үч эсе көп төгүп жатабыз. Аны билишкен Казакстан менен Өзбекстан көптөгөн суу сактагычтарды куруп, Аралга кете турган сууну да топтоп алып жатышат.

Эмне кылыш керек? Конкреттүү сунуштар бар

Кара-Кечеге жылуулук электр станциясын курушубуз керек. Өтө маанилүү. Бул 3-4 жылда курулат. 600-800, төрт жылда Токтогул сыяктуу 1200 мегаватт кубаттуулукка жетет. Анын жанынан эле эки жүз метрдей аянттан "Датка-Кемин" электр линиясы өтөт. Кышкысын Токтогулдагы сууну төкпөй, ошол ЖЭБди пайдаланышыбыз керек. Суу кошуналарга барып, жарымы бууланып, бир бөлүгү кумга сиңип жатат. Кышкысын Кара-Кечени пайдаланып, сууну жазында гана берсек болот.

Азыр суунун баасы жок болуп жатат, кыйраган системадан чыгыш керек. Суу ит бекер болгонуна кошуналар көнүп алды. Биз баалашыбыз керек. Сууну улутташтыруу зарыл, акционердик коом эмес, улуттук энергетика деп калтырыш керек. Кыргызстандагы бүт суу сактагычтарды киргизип, мамлекеттик суу ишканасын түзүш керек. 1 куб сууну ички керектөөчүлөргө 5-10 тыйындан, сыртка болсо 3 сомдон кылсак, ошондо мамлекеттик суу ишканасы жылына млрд акча алып келет. Жок, коңшу өлкөлөр унчукпайт, алардын суусунда баа бар, бизде эле жок. Биз эл аралык мыйзамдарды бузган жокпуз.

Токтогул каскады жайыттардан, сугат жерлерден ылдый тургандыктан, биз сугатка суунун башынан 2%ын гана алабыз. Кара-Кече ЖЭБди курсак, ал көмүр менен иштесе, сууну топтойбуз. Кубаттуулугу калкты толук электр энергияга өткөрүүгө жетет. Бишкек ЖЭБден төрт сомдон чыгат, төрт эсе арзан болот.

Биз улуттук суу ишкананы түзүп, улутташтырып, сууга баа коюп, сыртка 3 сомдон сата турган болсок, жылына болжолдуу 30 млрд сомдон алып келип турат. Бизде ошондо эки товар болот: үстүнөн зым менен электр энергия кетет, астынан суу кетет.

Биз 30 жылдан бери бутубузга тура албай жатабыз, импорт 80%ды түзүп жатат, бул геосаясатка да тиешеси бар, биз канча көз каранды болсок, алар бизге таасир этишет. Ошол таасирден чыгышыбыз керек.

Концептуалдык идея болуш керек.

  • Элге, экономикага электр энергиясы арзан болуш керек.
  • Экономиканын өнүгүүсү үчүн концептуалдуу идея керек.
  1. Кара-Кече ЖЭБин куруш керек. 1200 мегаватт
  2. Энергосистеманы улутташтыруу керек
  3. КРнын аймагындагы сууну көзөмөлдөгөн ишкананы түзүш керек
  4. Каржылоо системасын карап чыгыш керек, мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарып, элге таратыш керек.

Коңшулар менен алака кандай болот?

Кара-Кече курулуп калса, сууну да сатып калабыз. Токтогулдан кышкысын сууну көп түшүрбөйбүз, ал эми жазгысын кошуналарга өздөрүнө тиешелүү көлөмүн беребиз. Эгерде ал жетпесе, өзүбүздөгү көлөмдү да берип, жөн бербей, сатыш керек.

Эгерде Кара-Кече ЖЭБин курбасак, буларды жасай албайбыз, азыр кышкысын сууну төккөнгө аргасыз болуп жатпайбызбы. Кышкысын сууну бекер алып калып жатышат. Бааны эмне үчүн коюш керек, анткени ит бекерге көнүп алдык. Суу бууланып, кумга сиңип жок болбой, рационалдуу пайдаланылат. Бишкек ЖЭБде чыккан электр энергиясынын баасы төрт сом. ГЭСте 25 тыйын деп жатышат.

Көмүрдүн жанына эле куруп кое турган болсок, кыйналып ташыбайбыз, 2-2.5 млн тонналап солярка күйгүзүп, түтөтүп, жолду бузуп, экологияны бузуп, кымбатка алып келбейбиз. Андан көрө, ошол жерден эле Датка-Кеминдин зымы менен алып келсек, жүз эсе арзан түшөт. Токтогул менен Кара-Кечени параллелдүү иштеткенде бүт Кыргызстанды электр энергияга өткөрө алабыз, арзан дагы болот. Аны баасын 1 сом кылганда, тамак-аш бышырганга болот, жылуулук, ысык суу болгондо бизге жаратылыш газы, башка бирөөнүн көмүрү кереги жок болуп калат.

Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандын ортосундагы шакекчени карай турган болсок, кышкысын жыл сайын үч мамлекетте тең эле дефицит болот. Учурда бийлик "сууну азыр берип, кийин топтоп алабыз" деп жатышат, бирок топтой алышпайт. Анткени Токтогул өлүк деңгээлге бара жатат. 6 млрд кубометрге жеткенде катастрофага алып барат. Эмне кылуу керек? Бишкек ЖЭБдин кубаттуулугун 660 мегаваттга чейин көтөрүш керек. Ошондо сууну да үнөмдөп калышат.

Базалык ЖЭБ керек

Канча ГЭС курсак деле базалык ЖЭБ, ГЭС болбосо сууну үнөмдөй албайбыз. ГЭС курсаң ал жарык чыгара турганын баары билишет, бирок биздин азыркы маселе — Токтогулдагы сууну толтуруу керек. Ушул нерсени түшүнбөй эле кризистен чыга албай жатабыз. Бир эле чечим бар — сууга альтернативдик базалык ЖЭБди куруу керек.

Аны эмнеге курбай жатышат? Стратегиялык бүтүн бир багыт, максат жок болуп жатат. Президент экономиканы жок дегенде башка жолго баштап койсо, тарыхта калмак. Көп аракеттерди кылып жатат, мектептерди, жолдорду куруп жатышат. Бирок ал мектептерди бардык президенттер эле курган да.

Терең фундаменталдуу өзгөрүүлөргө алып барган кадамдар жасалбай жатат. Бизде "Токтогулдагы сууну сакташыбыз керек экен" деген түшүнүккө жетпей жатышат. Суунун баары жыл бою ага берип, кышында кайра эле эки базалык станция калып жатат — Токтогул менен Бишкек ЖЭБ. Анан кышында кайдан алабыз?

Суунун, физиканын, электротехниканын мыйзамын эске албай жатышат. Токтогулда суунун көлөмү канча бийик болсо, мисалы, 16 млрд кубдан жогору болсо, 1 киловатт-саат электр энергияны чыгарууга 1.1 куб сууну коротосуң. Азыр ылдый түшүп кетпедиби, ошондуктан ага 2 куб кетип калат, дагы ылдый түшсө андан да көп кетет. Көп суу коротуп, электр энергиясынын баасын көтөрүп жатышат, бул көйгөйдү чечпейт. Азыр өзүнүн бюджетин толтурам деп, жалпы экономикага, өлкөнүн коопсуздугуна терс таасир тийгизип жатышат, б.а. айтканда, өзүнүн курсагын тойгузам деп, үй-бүлөсүн сызга отургузуп жатышат.

Мындан тышкары окуңуз

Электр кубаттоочу станцияларга жер 1 жылдан 3 жылга чейин берилет

Электр кубаттоочу станцияларга жер 1 жылдан 3 жылга чейин берилет

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык жерлер рыногу бөлүмүнүн башкы адиси Талантбек Исмаилов радио эфиринде электр кубаттоочу станцияларды орнотуу үчүн жер тилкелерин берүү тартиби жана учурдагы абал тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, жер тилкелерин пайдалануу боюнча келишимдер көбүнчө бир жылдык мөөнөткө түзүлөт жана кийин үч жылга чейин узартылышы мүмкүн. Адистин түшүндүрүүсүндө, комиссия

ӨКМ суучулдарынын, токойчулардын, "Кыргызгидромет" кызматкерлеринин маянасы жогорулады

ӨКМ суучулдарынын, токойчулардын, "Кыргызгидромет" кызматкерлеринин маянасы жогорулады

Президенттин тапшырмасы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарынын айлык акысы көтөрүлгөнүн Бишкекте маалымат жыйында министрликтин орун басары Азамат Мамбетoв билдирди. Суучулдарга 20 000 сом өлчөмүндө кошумча акы белгиленди. Мурда алар болжол менен 30 000 сом алышса, эми айлык акысы 50–60 000 сом болот. Мамбетoвдун айтымында, бул чек эмес — күзгө чейин

Былтыр Тажикстандан Кыргызстанга 86 миң турист келген

Былтыр Тажикстандан Кыргызстанга 86 миң турист келген

Тажикстандан Кыргызстанга былтыр 86 миң турист келгенин “Ынтымак Ордодо” өткөн кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи отурумунда айтылды. Жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев туризм тармагындагы кызматташтыктын оң динамикасын белгиледи. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Тажикстандан келген туристтердин саны 2024-жылга салыштырмалуу 12 эсеге көбөйдү. “Кыргыз тарап биргелешкен кыргыз-тажик туристтик долбоорлорун ишке ашырууга, анын

Кытай Кыргызстан чек арасындагы өткөрмө пункттар убактылуу жабылат

Кытай Кыргызстан чек арасындагы өткөрмө пункттар убактылуу жабылат

Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарынын убактылуу жабылыш графиги өзгөртүлдү. Бул өлкөдө Кытай Жаңы жылын майрамдоого байланыштуу Кытай тараптын демилгеси менен мамлекеттик чек арадагы өткөрмө пункттарды жабуу графигине өзгөртүүлөр киргизилгенин Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өзгөртүүлөр төмөнкү эки өткөрмө пунктуна тиешелүү: * "Иркештам-автожол&