Латвиядан Кыргызстанга экспорттолгон автоунаалардын саны кескин көбөйдү: Евробиримдик чара көрөбү?

Латвиядан Кыргызстанга экспорттолгон автоунаалардын саны кескин көбөйдү: Евробиримдик чара көрөбү?

Россияда санкцияга кирген товарлардын экспорту азайып баратканда, Россия менен соодасын улантып жаткан өлкөлөргө келип жаткан товарлардын көлөмү тездик менен өсүүдө. Бул факт Кремль менен ынак мамлекеттер Россияга санкцияларды айланып өтүүсүнө жардам берип жатканына тынчсызданууларды жаратууда жана Еврокомиссия жаңы чаралар менен чектөөгө үмүттөнүп жатканын латвиялык маалымат каражаттары билдирди.

Журналисттердин айтымында, Украина менен Россиянын ортосунда согуш башталгандан бери Латвиянын Мамлекеттик киреше кызматы латвиялык ишкерлер санкцияларды бузгандыгы үчүн 200дөн ашуун кылмыш ишин козгогон, бирок азырынча бир дагы экспортер жазага тартыла элек. Прокуратура башкы тоскоолдук чек ара кызматташуусу экенин, аны иликтөө убакытты талап кыларын айтат.

Евробиримдик Россиянын технологиялык жана аскердик мүмкүнчүлүктөрүн басаңдатуу максатында бир катар товарларды, анын ичинде чиптерди жана электрондук интегралдык микросхемаларды Россияга экспорттоого тыюу салган. Ошол эле учурда аталган басылма буга чейин бул топтогу товарлар Россиянын аймагына Латвия аркылуу да барганын мойнуна алганын билдирди.

Мисалы, 2021-жылы бул өлкө РФга 6.5 млн евролук микросхемаларды жана чиптерди экспорттогон. Натыйжада, санкциялар киргизилгенден кийин Россия менен сооданын көлөмү нөлгө чейин төмөндөгөн, бирок ошол эле учурда, Латвия Бажы биримдигине кирген Казакстанга схемаларды экспорттой баштаган. Жыйынтыгында схемалардын Казакстанга экспорту 2022-жылы 100 миң евродон 3.6 млн еврого чейин өскөн.

Кыргызстандын кандай тиешеси бар

Дагы бир мисал — бул унаалар жана тетиктер. Бул топтогу айрым товарлар Россияга экспорттоого да тыюу салынган. Өткөн жылы Россияга автоунааларды жана тетиктерди экспорттоо эки эсеге кыскарган.

"Өз кезегинде Казакстанга экспорт алты эсеге (1.8 млн евродон 11.1 млн еврого чейин), Арменияга 23 эсеге (75 миң евродон 1.7 млн еврого чейин), Кыргызстанга 133 эсеге (25 миң евродон 3.3 млн еврого чейин) өскөн", дейт ЖМК.

Ушундай эле көрүнүш дээрлик бардык экспорттук категорияларда байкалат, анда товарлардын жок дегенде бир бөлүгү санкцияларга кабылган – Россияга экспорттун төмөндөшүнөн айырмаланып, Евразия экономикалык биримдигинин Казакстан, Кыргызстан жана Армения сыяктуу өлкөлөрүндө өзгөчө тез секирик байкалган.

Кыргызстанга экспорт 2023-жылы өзгөчө тез темп менен өсүүнү улантууда.

Товар Россияда сиңип кетип жатабы?

Латвиянын Мамлекеттик киреше кызматынын Бажы башкармалыгынын директорунун орун басары Сандра Карклина-Админе белгилегендей, агенттик мындан ары жүк кандай кетерин түшүнүү үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн бажы органдары менен активдүү кызматташып жатат. Ошол эле учурда ал санкцияларды айланып өтүү, анын ичинде Россияга үчүнчү өлкөлөр аркылуу тыюу салынган товарларды экспорттоо кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эске салды.

"Эгер экспорттоочунун документтери туура болсо, анда бажы кызматкерлери жүктү кармап турууга эч кандай негиз жок. Бирок биз тиешелүү мамлекеттердеги кесиптештерибизге кайрылганда мындай жүктөр келген жок деген жоопту көп алабыз. Эгерде алар бизден башталса, жөнөтүүлөрдү тез арада токтотобуз", деди Карклина-Админ.

Латвиянын прокуратурасынын маалыматы боюнча, Россиянын Украинага аскерий чабуулу башталгандан бери өлкөнүн Мамлекеттик киреше кызматы санкцияларды бузгандыгы үчүн 200дөн ашуун кылмыш ишин козгогон.

"Иштердин болжол менен 20%ы ишкерлер үчүнчү өлкөлөргө, көбүнчө Армения менен Казакстанга товарларын сатууга аракет кылып жатканынан улам козголгон, бирок чек арадан жүккө көзөмөл жүргүзгөндө, алар товарды санкцияланган мамлекеттин [Россия] аймагына кийинчерээк жеткирилиши мүмкүн экени билинген",  деп билдирди gorod.lv көзөмөл органы.

"Санкцияланган товарларды Борбор Азияга мыйзамдуу алып чыккандан кийин Россияга алып келүү маселеси Еврокомиссиянын деңгээлинде же дипломатиялык деңгээлде чечилиши керек, анткени буга бажы гана тоскоол боло албайт. Биз чыныгы бенефициарларды аныктоо жана эгерде маалымат болсо, алар кандай компаниялар экенин, кимдер негиздөөчүсү боло аларын карап чыгып, кандайдыр бир тыянак чыгара алабыз. Бирок бизде кандайдыр бир товарды экспорттоого тыюу салууга мыйзамдык негиз болушу керек", — дейт Сандра Карклина-Админе.

ММКлар Еврокомиссия акыркы түзөтүүлөрдө санкцияларды айланып өтүүгө көңүл бурганын, бирок өзгөртүүлөр жай жүрүп жатканын эске салды. Чындыгында, ЕБ өлкөлөрдү жана товарларды, мисалы, Казакстанга импорттоого тыюу салынган товарларды жалпысынан аныктай алат, анткени реэкспорттун тобокелдиги өтө жогору.

"Бирок учурда мындай өлкөлөргө каршы санкциялар так аныктала элек жана Еврокомиссия аларга өтө кечигип баа бериши мүмкүн", деп баса белгилешти латвиялык журналисттер.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокатта кычкылтек өндүрүүчү жаңы станция ишке кирүүгө даяр

Ноокатта кычкылтек өндүрүүчү жаңы станция ишке кирүүгө даяр

Ноокат райондук аймактык ооруканасынын базасында курулган жаңы медициналык кычкылтек өндүрүүчү станциянын тесттик сыноолору ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу БУУнун Өнүктүрүү программасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор Саламаттык сактоо министрлиги менен өнөктөштүктө БУУӨП тарабынан ишке ашырылып, Глобалдык фонд тарабынан каржыланган. Жаңы станция COVID-19 пандемиясы маалындагы кычкылтек тартыштыгы сыяктуу көйгөйлөрдү чечүү максатында курулган. Германиядан

“Беш-Таш” жаратылыш паркына аркан жолдору курулат

“Беш-Таш” жаратылыш паркына аркан жолдору курулат

Президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана бөлүнгөн каражаттын негизинде, Талас районунда жайгашкан “Беш-Таш” мамлекетик жаратылыш паркында аркан жолдорун куруу иштерин баштоого, Кытайлык “Zumsun” компаниясы менен келишимге расмий түрдө кол коюлду. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев билдирди. Маалыматка ылайык, июнь айында аркан жолдун курулуш иштери башталат. Натыйжада, “Беш-Таш” эс

Органикалык аймактарды түзгөн кооперативдерге күрөөсүз насыя берүү сунушталды

Органикалык аймактарды түзгөн кооперативдерге күрөөсүз насыя берүү сунушталды

Жогорку Кеңеште органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу маселелерин талкуулоо боюнча жумушчу топтун жыйыны болуп өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү жана органикалык аймактарды түзүү маселелери талкууланды. Ошондой эле дыйкандарды кооперативдерге бириктирүү, органикалык

Ошто быйыл 13 жаңы сквер пайдаланууга берилет

Ошто быйыл 13 жаңы сквер пайдаланууга берилет

Ош шаарын жашыл шаарга айландыруу максатында быйыл 13 жаңы сквер курулуп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, учурда скверлерди куруу иштери соңку этапка өтүп, аймактарды жашылдандыруу, гүл жана көчөт отургузуу иштери жүрүүдө. Жаңы эс алуу жайлары июнь айында пайдаланууга берилет. Белгиленгендей, скверлердеги жашыл зоналар заманбап тамчылатып