АКШ Кыргызстандын артынан Борбор Азия өлкөлөрү менен сооданы жөнөкөйлөтүүнү пландоодо – Түркмөнстандан башкалары менен

АКШ Кыргызстандын артынан Борбор Азия өлкөлөрү менен сооданы жөнөкөйлөтүүнү пландоодо – Түркмөнстандан башкалары менен

Америка Кошмо Штаттары Борбор Азиянын үч өлкөсү — Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан менен соода режимин жөнөкөйлөтүүнү пландаштырууда. Мындай демилгени 7-сентябрда Коннектикуттун сенатору Скотт Мерфи менен Индиананын сенатору Тодд Янг көтөрүшкөнүн The Diplomat кабарлады.

Басылманын маалыматына таянсак, америкалык сенаторлор Джексон-Вэниктин түзөтүүсүн жокко чыгаруу жана расмий Астана, Душанбе жана Ташкент шаарлары үчүн туруктуу нормалдуу соода статусун белгилөө боюнча мыйзам долбоорун сунушташкан.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, АКШ бул чектөөлөрдөн жапа чеккен Борбор Азия өлкөлөрүнүн кыйынчылыктарын бир топ жеңилдетет.

Маалымат үчүн: Ваник-Джексон Түзөтүүсү АКШнын соода мыйзамына 1974-жылы кабыл алынган. Түзөтүү АКШнын эмиграцияга тоскоол болгон жана адам укуктарын бузган өлкөлөр менен соодасын чектейт. Түзөтүүнү кабыл алуунун бирден-бир себеби, Советтер Союзу өз аймагынан еврей улутундагы адамдар үчүн чыгууга чектөө койгону болгон. Ал өлкөлөрдөн келген товарлар АКШга импорттолгондо жогорку бажы алымдарына, дискриминациялык импорттук жана экспорттук чектөөлөргө дуушар болушу мүмкүн.

Белгилей кетсек, Советтер Союзу тарагандан кийин анын курамына кирген кээ бир өлкөлөргө карата өзгөртүү жокко чыгарылган. 2000-жылдан 2012-жылга чейин Кыргызстан, Грузия, Украина, Армения, Молдова, жадакалса Россия тизмеден чыгарылган, бирок көпчүлүк Борбор Азия өлкөлөрүнүн – Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан дагы эле өзгөртүүдө каралган чектөөлөргө дуушар болуп келишет.

Мыйзамдын авторлорунун бири Скотт Мерфи: "Россиянын жана Кытайдын Борбор Азиядагы таасири басаңдай баштаганда, Кансыз согуш доорунан калып кеткен АКШнын Борбор Азия менен мамилесин кайра карап чыгуу үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк. Бул мыйзам биздин экономикалык кызыкчылыктарыбызга кызмат кылуу менен бирге, АКШнын Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр менен мамилени жаңы деңгээлге көтөрүүгө ниеттенип жаткандыгын билдирет", — дейт.

Геосаясий планда анын кесиптеши Тодд Янг да демилгеге комментарий берди.

"Бул өлкөлөргө карата түзөтүүнү жокко чыгаруу Борбор Азиянын негизги өлкөлөрү менен эки тараптуу жана аймактык мамилелерди тереңдетет. Бул мыйзам долбоору соода байланыштарын чыңдоого, эл аралык рынокко чыгууга жана өлкөлөрдүн Кытай менен Россиянын зыяндуу таасирине каршы туруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө алып келет" — деди сенатор.

The Diplomat Джексон-Вэник түзөтүүсү чындап эле өтмүштүн калдыгы болуп калганын баса белгилейт.

"Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанга коюлган чектөөлөрдү алып салуу АКШ үчүн эч нерсеге алып келбейт, бирок Вашингтонго болгон лоялдуулуктун жогорулашына жана саясий деңгээлдеги соода мамилелеринин жана өз ара аракеттенүүнүн чыңдалышына дивиденддерди алып келиши мүмкүн", — деп жыйынтыктады америкалык журналисттер.

Эске сала кетсек, Кыргызстан 2000-жылы ДСУга киргенден эки жылдан кийин Россия, Иран, Ирак жана Европаны айланып өтүүчү Евро-Азия транзиттик коридорун түзүү максатын көздөгөн АКШнын демилгесине Кыргыз Республикасы кошулганына байланыштуу, Джексон-Вэник түзөтүүсүнөн чыгарылган.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media