Ташиев саясий турмушту декриминализациялоого аракеттенүүдө, бирок канчалык ийгиликтүү болот, азырынча айтуу кыйын — эксперт

Ташиев саясий турмушту декриминализациялоого аракеттенүүдө, бирок канчалык ийгиликтүү болот, азырынча айтуу кыйын — эксперт

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев учурда саясий турмушту декриминализациялоого аракет кылып жатат, бирок канчалык деңгээлде ийгиликтүү болот, азырынча айтуу кыйын. Мындай пикирин "Ой Ордо" эксперттик демилгелер борборунун директору Игорь Шестаков казак басылмасына берген маегинде билдирди.

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлүмү коңшу казак элинин да көңүл чордонуна түштү окшойт. Камчы Көлбаев деген ким жана криминалдык авторитет өлтүрүлгөндөн кийин Кыргызстанда эмнелер болуп жатат деген суроо менен Tengrinews.kz кыргыз политологуна кайрылган.

"Анын аброю жердеши кримавтоитет Рысбек Акматбаев каза болгондон кийин күчөдү. Ал 2006-жылы өлтүрүлгөн. Көлбаев да, Акматбаев да Ысык-Көлдөн. Акматбаев кылмыштуулуктан саясатка кирүүгө аракет кылган учурда каза болгон. Аны атып салышкан, бирок өлтүргөндөрдүн эч кимиси табылган эмес. Чынында Акматбевдин өлүмүнөн кийин Көлбаев Кыргызстандын эле эмес, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң чоң авторитетке айланды. Жогорку Кеңешке депутаттык мандат алуу үчүн арыз берген Акматбаевден айырмаланып, анын саясатка эч кандай кызыгуусу болгон эмес", — дейт Шестаков.

Бирок политологдун пикиринде кээ бир булактар Көлбаевди бийлик менен байланыштырып келишкен.

"Атап айтканда, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо бийлик Көлбаевди мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго караганда кандидатурасы өтө маанилүү эмес Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековду колдоо үчүн Атамбаев аркылуу тарткан”, — дейт саясат таануучу.

Шестаков Камчы Көлбаев Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө катышкан деп эсептейт.

"Ошол убакка чейин анын аты анчалык күчтүү угулчу эмес, бирок эксперттик саясий чөйрөлөрдө бул тууралуу ошол кезде сөз болгон. Белгилей кетким келет, мен биздин кылмыш дүйнөсүнүн эксперти эмесмин, бирок шайлоо өнөктүгүнө анын байланышы бар болушу мүмкүн деген сөздөр болгон. Ал кандай жардам бергенин билбейм, бирок абак жайларында таасири чоң, бул да электорат", — деп белгиледи ал.

Андан сырткары Шестаков казак басылмасына Көлбаевдин пансионаттары, ири көлөмдөгү кыймылсыз мүлктөрү, кымбат баалуу унаалары жана ошондой эле курал-жарактары жөнүндө да пикирин билдирген.

"Менин байкашымча, биздин УКМК өтө көп ок атуучу курал-жарактар ​​тууралуу видеону жарыялаптыр, бирок анын адвокаты курал алып жүрбөгөнүн айткан эле. Бул окуя уланат деп ойлойм, ал жерден курал-жарактын аябай чоң арсеналы табылды. Ал абдан эле "коргонгон" экен. Бул кокустук эмес", — дейт Шестаков.

Саясат таануучу казак порталына саясий түзүмдөрдү декриминализациялоо иштерин УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев жетектеп жатат деп эсептегенин айткан.

"Биздин өлкөдө, криминал жөн эле криминалга караганда чоң роль ойногон, мен жогоруда айткандай, биздин өлкөдө саясат менен уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгү көптөн бери эле байланышып келген. Камчыбек Ташиев кыйла тажрыйбалуу саясатчы болуп, көптөн бери оппозицияда жүргөндүктөн, балким, ал өлкөнүн саясий турмушунан кылмыштуулукту алып салууга аракет кылып жаткандыр.
Балким, Ташиев 2010-жылдагы президенттик шайлоодо жеңген партиянын лидери катары өлкөнүн саясий турмушун калыптандырууда криминалдык чөйрөлөрдүн, уюшкан кылмыштуу топтордун ролун жакшы билет. Менимче, ал саясий турмушту декриминалдаштырууга аракет кылып жатса керек. Бирок анын канчалык ийгиликтүү болорун айтуу азырынча кыйын», — деди ал.
Бишкекте атайын операция учурунда кримтөбөл Камчыбек Көлбаев жок кылынды – УКМК
УКМКнын кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөн кримавторитет Камчыбек Көлбаев жок кылынды. Бул тууралуу мекеме билдирди. Такталгандай, 2023-жылдын 4-октябрында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө К. Асанбектин (Камчы Көлбаев) турган жери Ибраимов көчөсүндөгү «Блондер паб» ресторанында аныктал…
Камчы Көлбаевдин мүлкүнүн болжолдуу баасы 1 млрд долларды түзөт - УКМК
2023-жылдын 4-октябрында куралдуу каршылык көрсөтүү учурунда уюшкан кылмыштуу топтун башчысы, мыйзамдагы ууру аталган Камчы Асанбек жок кылынган. Бул тууралуу УКМК эскертип анын мүлкү тууралуу маалыматты таратты. Такталгандай, Камчыбек Асанбек жетектеген уюшкан кылмыштуу топтун 2008-жылдан баштаган…

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media