ЖИА бизнес-ассоциациясы ишкерлердин камалышына байланыштуу президентке кайрылуу жолдоду

ЖИА бизнес-ассоциациясы ишкерлердин камалышына байланыштуу президентке кайрылуу жолдоду

ЖИА бизнес-ассоциациясы акыркы убактагы ишкерлердин камалышына байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, адилет эрежелердин болушун, мүлктү коргоону жана ишкерликти колдоо боюнча кайрылуу жасады.

Ассоциация өз кайрылуусунда президенттин буга чейин кабыл алган, ишкерлерге стимул берген, мамлекет алардын укуктарын, кызыкчылыктарын, ошондой эле мүлкүн коргоого ишенимин арттырган "Менчикти коргоо, ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо жөнүндөгү" эки жарлыгынын маанилүүлүгүн белгилеген.

Бирок ошол эле кезде JIA бүгүнкү күндө ишкерлердин камалышынан улам бизнес чөйрөсүндө тынчсыздануу менен белгисиздик жаралып жатканын да айтат.

"Мындай аракеттердин уланышы ишкердик активдүүлүктүн төмөндөшүнө жана өлкөдөн инвестициянын агып кетишине алып келиши мүмкүн. Өлкөнүн экономикасына тышкы жана ички инвесторлорду тартууга чакырыктар жагымдуу инвестициялык климат, ошондой эле бизнести колдогон туруктуу саясат менен колдоого алынышы керек, бул инвесторлорду тартууга жана алардын ишенимин жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Биз мамлекеттик саясатты экономиканы узак мөөнөттүү өнүктүрүүгө, бизнес чөйрөнүн туруктуу өнүгүүсүн кепилдөөгө, адилеттүү эрежелерди камсыз кылууга, менчикти коргоого, ишкердикти колдоо жана коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө чакырабыз. Мындай иш-аракеттер ишкерлердин ыктыярдуу салыктык кирешелеринин аркасында экономиканын жана коомдун туруктуу өнүгүшүнө салым кошот деп эсептейбиз", - деп айтылат кайрылууда.

Бизнес-ассоциация мамлекет башчысына жасаган кайрылуусун Жапаровдун бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Кеңештин жыйынындагы "туруктуу экономика, бизнес-түзүмдөрдүн ачык иштеши, ишкердикти өнүктүрүү – симбиоздо өлкөбүздүн жаркын келечегинин ачкычы болуп саналат. Анткени, инвестициялар социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизи гана эмес, ошондой эле жаңы жумуш орундары, заманбап башкаруучулук тажрыйба, региондорду өнүктүрүү жана өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу болуп саналат" деген сөзү менен жыйынтыктаган.

Эскерте кетсек, буга чейин "Эмарк Групп" жана "Авангард Стиль" курулуш компанияларынын жетекчилери Чолпонбек Акматов менен Эрнис Миңкеев, ошондой эле "Элит Хаустун" негиздөөчүсү Тимур Файзиев кармалган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол