Чүй, Ош облустарында жүгөрүдөн экинчи түшүм алынды

Чүй, Ош облустарында жүгөрүдөн экинчи түшүм алынды

“Кыргызмамасылтукум” мамлекеттик ишканасы быйыл жүгөрүнүн экинчи түшүмүнөн жакшы түшүм алууга жетишкенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Аталган ишкананын Сокулук райондук филиалы 20-июлда буудай түшүмүн жыйнаган соң биринчи жолу экинчи түшүм алуу үчүн жүгөрү уругун сепкен. Учурда талаадагы жүгөрү бышып, чабууга даяр болгону айтылат. 

Ошондой эле мекеменин Ош облустук “Катта-Талдык” филиалы силос үчүн өстүрүлгөн жүгөрүнүн экинчи чабыгынан мол түшүм алып, 110 тонна сапаттуу силос өндүргөн. Министрликтен белгилешкендей, бул аракеттер мал чарбасынын тоют базасын чыңдоого, жерди рационалдуу пайдаланууга жана экинчи түшүм алуу тажрыйбасын кеңейтүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Пенсия октябрь айынан тарта көбөйтүлөт

Пенсия октябрь айынан тарта көбөйтүлөт

Кыргызстанда пенсия ушул жылдын октябрь айында көбөйтүлөт. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, көбөйтүү бюджет кирешелерине жараша аныкталат. Президенттин тапшырмасына ылайык, пенсия жашоо минимумунан төмөн болбошу керек.  Социалдык фонддун маалыматына караганда, эң төмөнкү пенсия 7 100 сом, орточо пенсия 11 300 сомду түзөт.

Суусамырдагы алтыганадан биожем өндүрүү пландалууда

Суусамырдагы алтыганадан биожем өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда алтыгана баскан жайыттардын экологиялык функцияларын жакшыртуу жана алардын ресурстук мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга багытталган илимий-тажрыйбалык долбоор ишке ашырылууда. Долбоордун негизги максаты – деградацияга учураган жайыт экосистемаларын калыбына келтирүү, мал чарбачылыгын сапаттуу тоют менен камсыздоону жакшыртуу жана малчылардын кирешесин көбөйтүү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, соңку жылдары Суусамыр

130 жогорку класстын окуучусу Яндекс Кыргызстандын программалоо мектебин бүтүрүштү

130 жогорку класстын окуучусу Яндекс Кыргызстандын программалоо мектебин бүтүрүштү

Яндекс Кыргызстандын программалоо мектебинде окуу жылы жыйынтыкталды. Бишкек, Каракол жана Кербенден келген 130 өспүрүм программалоонун негиздери боюнча акысыз курстан өтүштү. Алар алган билим эми IT-инженерия жана илимий багытта андан ары окуусу үчүн негиз боло алат. Жыл бою 14 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөр программалоонун негизги тилдеринин бири болгон Pythonду,

Улуттук банк мыйзам бузган акча алмаштыруучу жайларга чара көрдү

Улуттук банк мыйзам бузган акча алмаштыруучу жайларга чара көрдү

Өткөн аптада мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын нормативдик укуктук актыларын бузган учурлар боюнча бир катар таасир этүүчү чаралар кабыл алынды. Улуттук банк жарыялаган расмий маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунда жайгашкан бир акча алмаштыруу бюросуна мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле Бишкек шаарында лицензиясы