Санарип сом деген эмне жана ал качан жүгүртүүгө киргизилет?

Санарип сом деген эмне жана ал качан жүгүртүүгө киргизилет?

Замандын агымына жараша азыр өнүккөн өлкөлөрдө санарип валютаны жүгүртүү, аны кадимки турмуш тиричиликте колдонуу жылдан жылга активдешип бара жатат. Аны эске алуу менен Улуттук банк буга чейин санарип сомдун концепциясын иштеп чыккан. 2025-жылдын 20-мартында Жогорку Кеңеш мыйзамга санарип сомдун укуктук статусу боюнча бир катар өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда жактырган. Алар 2027-жылдын январында күчүнө кирет. Мыйзам долбооруна ылайык, санарип сом Кыргызстанда мыйзамдуу төлөм каражаты катары колдонулат. Буга байланыштуу Ишкер MEDIA Улуттук банкка санарип сом айырмачылыктары, анын жүгүртүлүшү, жүгүртүүдөгү тобокелчиликтери тууралуу суроолорду узаттты.   

1.Санарип сомдун жүгүртүүгө чыгышы кайсыл айга же жылга пландаштырылган?

Санарип сомду жүгүртүүгө киргизүү бир нече этаптуу жана тактык даярдыкты талап кылат. Улуттук банк өз тараптан ишти технологиялык жана мыйзамдык багыттар боюнча жүргүзүүдө.

Мыйзамдык багытта, санарип сомдун укуктук статусун улуттук валютанын кошумча формасы катары бекемдөө максатында төмөнкү иштер аткарылды:

            – 2025-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы кабыл алынып, ага ылайык санарип сом расмий төлөм каражаты катары аныкталды жана анын эмиссиясын жана жүгүртүлүшүн жүзөгө ашыруу боюнча өзгөчө укук Улуттук банкка берилди.

– 2025-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын «Улуттук санарип валютанын – санарип сомдун укуктук статусуна байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы кабыл алынды.

            Эки мыйзам тең 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Ошол эле учурда, технологиялык даярдык иштери жүрүп жатат: санарип сом платформасынын негизги компоненттери – эмиссия, которуулар жана эсепке алуу функциялары иштелип чыгып, сыноодон өткөрүлүүдө. 2025–2026-жылдары коопсуздукту, колдонуу ыңгайлуулугун жана каржы инфраструктурасы менен шайкештигин текшерүүгө багытталган тесттик жана пилоттук иштерди жүргүзүү пландаштырылган.

2. Санарип сомдун накталай сомдон негизги айырмачылыктары эмнеде?

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы үч формада болушу мүмкүн: накталай, накталай эмес жана санарип акча белгилери (санарип сом).

Накталай акча белгилери 20, 50, 100, 200, 500, 1000, 2000, 5000 сомдук банкноттордо жана 1, 10, 50 тыйындык, ошондой эле 1, 3, 5 жана 10 сомдук тыйындар түрүндө жүгүртүүгө чыгарылат.

Санарип сом – бул ошол эле сом, анын эмитенти Улуттук банк болуп саналат, бирок ал санарип формада чыгат. Санарип сом атайын платформа аркылуу жүгүртүүгө чыгарылат. Жарандар өздөрүнүн санарип капчыктарына сомдорду жүктөп, аларды мобилдик түзмөктөр аркылуу колдоно алышат.

Маанилүүсү – санарип сом накталай же накталай эмес акчаны алмаштырбайт, аларды толуктайт. Жарандар үч формадагы акчаны тең колдоно алышат: накталай, накталай эмес жана санарип сом. Зарыл учурда акчаны бир формадан экинчисине оңой алмаштырууга болот – мисалы, накталайды санарип сомго же тескерисинче.

Демек, санарип сом кадимки төлөм ыкмаларын жокко чыгарбай, колдонууга ыңгайлуулукту жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү кошот.

3) Санарип сомдун киришинин кандай артыкчылыктары бар?

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өлкөдө төлөм инфраструктурасын заманбап деңгээлге жеткирүү жана төлөмдөрдү бардык экономика катышуучулары үчүн жеткиликтүү, ыңгайлуу, ылдам жана коопсуз кылуу багытында туруктуу иш алып барууда.

Санарип сом финансылык сектор үчүн технологиялык инструмент болуп, рыноктун катышуучуларына инновациялык кызматтарды түзүүгө жана алардын сапатын жогорулатууга шарт түзөт. Ал накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн, анын ичинде аймактардагы үлүштү да кеңейтет, элге финансылык кызматтарга жетүүнү жеңилдетет жана мамлекеттик төлөмдөрдүн ачыктыгын жогорулатат.

Санарип сомду ишке киргизүү чек ара аралык эсептешүүлөрдү тездетет жана смарт-келишимдердин негизинде көптөгөн процесстерди автоматташтырууга мүмкүнчүлүк ачат. Бул жарандар жана бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, финансылык операциялардын ачыктыгын жогорулатат жана улуттук валютанын суверенитетин санарип доорунда чыңдайт.

4. Кандай тобокелдиктер болушу мүмкүн?

Ар кандай инновация сыяктуу эле, санарип сом да айрым тобокелдиктерге ээ – мисалы, киберкоопсуздук, маалыматты коргоо, банктардын ликвиддүүлүгүнө жана экономикага тийгизүүчү таасири.

Бул тобокелдиктерди алдын алуу үчүн Улуттук банк ишти этап-этабы менен жүргүзүүдө (тесттик иштер → пилот → ишке киргизүү чечими), чектөөлөрдү (лимиттерди) киргизүүнү, көз карандысыз аудиттерди жана стресс-тесттерди өткөрүүнү пландаштырууда. Мындай ыкма дүйнөлүк тажрыйбага жана эл аралык эксперттер, финансылык уюмдар менен болгон туруктуу консультацияларга негизделет.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500