In vitro лабораториясында картошканын жаңы түшүмү алынат

In vitro лабораториясында картошканын жаңы түшүмү алынат

К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин in vitro лабораториясында картошканын суперэлита жана элита сорттору, ошондой эле кожогат, кызыл гожо мөмөсү жана гибриддик терек өстүрүлүп жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Министрликтин маалымдашынча, лабораториянын негизги артыкчылыгы — ал жерден вируссуз, ооруларга туруктуу, климаттык шарттарга ыңгайлашкан жана жогорку түшүм берүүчү өсүмдүк көчөттөрүн жана үрөндөрүн алууга болот. 

Бул ыкма айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сапатын жакшыртып, таза үрөн фондун түзүүгө жана агрардык тармакта инновациялык технологияларды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Булin vitro ыкмасы аркылуу алынган көчөттөр жана үрөндөр келечекте фермерлер үчүн ишенимдүү жана экономикалык жактан пайдалуу булак болуп берет деген бекем ишеним бар. 

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү темир жол курулат

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү темир жол курулат

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү шакекче темир жолунун курулуш долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу уланууда. Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин айтымында, үстүбүздөгү жылы долбоорду ишке ашыруу механизмдерин аныктоо пландалууда. «Темир жолдун курулушун этап-этабы менен жүргүзүү болжолдонууда. Биринчи этапта Балыкчы – Чолпон-Ата тилкеси салынат, андан соң Чолпон-Ата – Каракол

Алдамчылыкка каршы күрөшүү талкууланды

Алдамчылыкка каршы күрөшүү талкууланды

Бүгүн Улуттук банк тарабынан алдамчылыкка каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык туруктуу жумушчу топтун кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жыйынга Улуттук банктын, финансы-кредит мекемелердин, байланыш операторлорунун, ошондой эле мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар мурдагы жыйындардын алкагында

Грузиянын премьер-министри иш сапары менен Кыргызстанга келет

Грузиянын премьер-министри иш сапары менен Кыргызстанга келет

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 11-13-июнда Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин Кыргызстанга биринчи расмий сапары болот. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына кабарланды. Маалыматка таянсак, сапардын алкагында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-грузин эки жактуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, анын ичинде өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактардагы кызматташтыкты

Энергетика министри эмгек жамаатка тааныштырылды

Энергетика министри эмгек жамаатка тааныштырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигинин борбордук аппаратына министрдин милдетин аткаруучу Алтынбек Рысбековду тааныштырды.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн кабарлаганына караганда, Министрлер Кабинетинин башчысы мекеменин алдына артыкчылыктуу багыттарды белгилеп, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.  Адылбек Касымалиев министрдин милдетин аткаруучу Алтынбек Рысбековго жооптуу кызматта ийгил