Кыргызстанда быйыл 8 айда 7,7 тонна кондитердик продукция өндүрүлгөн
Кыргызстандагы ишканалар 8 ай ичинде 7,7 миң тонна кондитердик продукция чыгарышып, өткөн жылдын 8 айына салыштырмалуу 13%га көп таттуу товар даярдашыптыр.
2024-жылы 8 айда өлкө боюнча 6 873,3 тонна кондитердик азыктар чыгарылса, 2023-жылы 6,1 миң тонна өндүрүлгөн.
2025-жылы январь-август айларында 7,7 миң тонна кондитердик товар чыгаруу менен ишканалар бюджетке жалпы 872,8 млн сом которушкан. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 18%га жогору.
Кондитер рыногунун лидер ишканалары бул жылы ишенимдүү өсүүлөргө жетишсе, айрым компаниялардын өндүрүү көрсөткүчтөрү төмөндөгөн.
Республиканын таттуу бизнестеринин кожоюндарынын арасында Жогорку Кеңеш депутаттары, алардын жакындары жана чет өлкөлүк жарандар бар.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу