SpaceX компаниясыныкына атаандаш спутник чыгара турган корпорация түзүлөт

SpaceX компаниясыныкына атаандаш спутник чыгара турган корпорация түзүлөт

 Дүйнөгө белгилүү европалык Airbus авиакомпаниясы, италиялык аэрокосмостук Leonardo концерни жана франциялык Thales коргоо компаниясы Илон Масктын SpaceX компаниясына атаандаштык жаратыш үчүн өздөрүнүн космостук бөлүмдөрүн бириктирүү боюнча сүйлөшүп жатканын Financial Times басылмасы жазды. 

Басылманын маалыматы боюнча, аталган 3 корпорация 35%ы Airbus компаниясынын,  Leonardo жана Thalesкорпорацияларынын 32,5%дан үлүшү бар бирдиктүү структураны түзүү планын жактырышкан.  Бириккен фирма Европа боюнча 25 миң адам иштеген 30га жакын аянтты ээлейт. 

Эске салсак, SpaceX компаниясы Starlink спутникалык түйүнүн ишке киргизген соң  Thales менен Airbus Geoкомпанияларынын спутниктерине болгон суроо-талап кескин кыскарган. 

Европалык концерндер мындай бириктирүү рыноктогу өзгөрүүлөргө реакция кыла турган натыйжалуу, ийкемдүү космостук компания түзүүгө шарт түзөрүнө бекем ишенишет.  Адистер белгилегендей, акыркы жылдарда бул 3 компания тең космостук долбоорлорунан кыйынчылыктарды тартышкан. Бул көйгөйлөр биригүүнүн катализатору болгон. 

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media