Кыргызстанда креативдүү продукттар боюнча CreaPark 2025 сынагы башталды

Кыргызстанда креативдүү продукттар боюнча CreaPark 2025 сынагы башталды

Кыргызстанда креативдүү продукттар боюнча CreaPark 2025 сынагы башталганын “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Креативдүү индустриялар паркынын директору Канышай Мамытова билдирди.

Анын айтымында, бул сынакка катышуу жарандарга  эксперттерден мастер-класстарды алуу, нетворкинг жана тажрыйба алмашуу, долбоорду кеңири аудиторияга таанытуу, долбоорду ишке киргизүү же кеңейтүү үчүн каржылык колдоо алуу мүмкүнчүлүктөрүн берет. 

“Финалга чыккан катышуучулар өз долбоорлорун питч-сессия форматында сунуштайт. Андан кийин эл аралык жана жергиликтүү спикерлер чыгып сүйлөшөт. Бул ар түрдүү тармактагы долбоорлор болушу мүмкүн. Мисалы, уюлдук компания өзүнүн уникалдуу IT-продуктун сунуштап, экологиялык жашыл экономика багытында идеясын көрсөтсө болот же уникалдуу экологиялык таңгак ойлоп тапкан колбаса фабрикасы да катыша алат. Негизгиси ар кандай долбоорлор, ар кандай креативдүү идеялар кабыл алынат. Биздин сынак бардык жарандарга ачык жана бирдей мумкүнчүлүктөрдү берет. Сынакка бардык курактагы жарандар, жарандыгына же башка белгисине карабастан катыша алышат”, - дейт Мамытова.

Ошондой эле анын айтымында, сынакка авторлор китептер, комикстер, арт жана сценалык долбоорлор; дизайнерлик, технологиялык жана инновациялык чечимдер; идея этабынан тартып, даяр бизнеске чейинки бардык креативдүү продукциялар менен да катыша алшат. 

Мындан тышкары окуңуз

Казарманда суу системасын жаңылоого 300 млн сом талап кылынат

Казарманда суу системасын жаңылоого 300 млн сом талап кылынат

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында таза ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын калыбына келтирүү пландалууда. Бул тууралуу 26-октябрда президент Садыр Жапаровдун районго болгон иш сапарынын жүрүшүндө маалымдалды. Билдирүүгө ылайык, долбоордун болжолдуу наркы 300 млн сомду түзөт. Аталган долбоор райондо ишке ашыруу пландалган,

Ишкер Media
26-октябрь - КРнын автоунаа жана жол чарба кызматкерлеринин күнү

26-октябрь - КРнын автоунаа жана жол чарба кызматкерлеринин күнү

Жыл сайын 26-октябрда - Кыргыз Республикасынын автоунаа жана жол чарба кызматкерлеринин күнү белгиленет. Бул күн - жүргүнчү жана жүк ташуунун үзгүлтүксүз иштешин, ошондой эле өлкөнүн жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө салымын кошкон тараптардын кесиптик майрамы болуп саналат. Республиканын автоунаа транспорту өткөн кылымдын 30-жылдарынын башында өнүккөн, ал эми ташуу үчүн негизги жүктөр болуп

Ишкер Media
Бишкекте жылуулук 28-октябрда бериле баштайт

Бишкекте жылуулук 28-октябрда бериле баштайт

Бишкекте жылытуу сезону 28-октябрдан тарта башталат. Маалыматка ылайык, мындай чечим күн сууктап, эл электр энергиясын көп жага баштагандыктан кабыл алынган. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев белгиленген талаптарга ылайык, орточо суткалык абанын температурасы беш күн катары менен 8 градустан төмөн болгон учурда жылытуу сезону башталарын эске

Ишкер Media
Төрага Жапониядагы эмгектенген мекендештер менен жолукту

Төрага Жапониядагы эмгектенген мекендештер менен жолукту

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Жапониядагы расмий сапарынын алкагында аталган өлкөдө жашап, эмгектенип жана билим алып жаткан кыргызстандык мекендештер менен жолугушту. Жолугушууга Талант Мамытов баштаган “Ынтымак-Мекенчил” депутаттык тобунун мүчөлөрү жана Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Эркинбек Осоев катышты. Баарлашууда чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештер менен байланышты чыңдоо, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо,

Ишкер Media