Көп берилүүчү суроого жооп: Ипотекага турак жай алуу

Көп берилүүчү суроого жооп: Ипотекага турак жай алуу

Мамлекеттик ипотекалык компания жарандарга ипотекага турак жай берүүнүн төмөнкү шарттарды эске алууну сунуштайт.

 Программанын катышуучулары үчүн талаптар

 - программага катышуунун жаш курагы 18 жаштан жогору;
- жалпы эмгек стажы 2 жылдан кем эмес;
- катышуучунун, катышуучунун жубайынын жана катышуучунун жашы жете элек балдарынын КРнын аймагында турак жайынын жоктугу;
- Программага катышууга арыз берген күнгө чейин акыркы 3 жылдын ичинде катышуучуда, катышуучунун жубайында жана катышуучунун жашы жете элек балдарында КРнын бүткүл аймагында турак жайга менчик укугунун өтүшүнө байланыштуу жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу;

 Турак жайды каржылоо багыты боюнча – социалдык, жеңилдетилген жана арзан ипотека болуп үчкө бөлүнөт:

 Социалдык ипотека (жылдык 4%, 25 жылга чейинки мөөнөт, баштапкы төлөмү жок):

·       5 кем эмес жашы жете элек балдары барлар;
·       "Баатыр эне" ордени менен сыйлангандар;
·       ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам;
·       ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды багып жаткандар;
·       ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын өмүр бойлук расмий камкорчулары;
·       туулгандыгы тууралуу күбөлүктө ата-энесинин бири тууралуу жазуу жок жашы жете элек балдары бар жарандар (никеде турбаган);
·       жашы жете элек балдары бар жесирлер (никеде турбаган);
·       иштеген чөйрөсүнө карабастан айыл жергесинде иштеген жана экономикалык/ишкердик ишти жүргүзгөн 35 жашка чейинки адистер.

 Жеңилдетилген ипотека (жылдык 4%, мөөнөтү 25 жылга чейин, баштапкы төлөмү жок):

-        аткаруу, сот, мыйзам чыгаруу бийликтеринин мамлекеттик органдары;
-        мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар;
-        жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
-        мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын ведомстволук уюмдары жана ишканалары;
-        мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдары;
-        мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары;
-        КРнын Куралдуу Күчтөрү жана мамлекеттик органдарынын аскердик түзүлүштөрү;
-        мамлекеттик программаларын ишке ашыруу иш предметтеринин бири болгон ыйгарым укуктуу орган;
-        мамлекеттик телерадио уюмдары.

 Арзан ипотека (жылдык 8%, мөөнөтү 25 жылга чейин, баштапкы төлөмү жок)

- жеке чөйрөдө эмгектенген жарандар үчүн каралган.

 Жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча турак жайды кийин сатып алуу менен ижара механизми боюнча мамлекеттик органдар тарабынан курулган даяр турак жай берилет.

Мындан тышкары, өлкөнүн аймактарында (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) иш алып барган бардык категориядагы жарандар үчүн KFW программасы боюнча ипотекалык кредиттер жеткиликтүү.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

9-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчигийн Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлор талкууланды. Ошондой эле ишкерлер ортосундагы байланышты

Ишкер Media