Samsung компаниясы экраны үч бүктөлмө смартфон чыгарды

Samsung компаниясы экраны үч бүктөлмө смартфон чыгарды

Samsung компаниясы экраны үч бүктөлүп, кайра ачыла турган жыйналма уюлдук телефонун Түшүк Кореядагы саммиттин алкагындагы көргөзмөдө жарнама кылганын америкалык The Verge веб-сайты жазды. 

Бул уюлдук телефондун эки ашыгы (шарнир) бар болгондуктан ал кадимки смартфон да, чоң планшет да болот. Моделдин азырынча белгилүү бир аталышы жок, бирок, кореялык ЖМКлар ал Galaxy Z Trifold деп аталарын жазышкан. Samsung компаниясында бул алардын жаңы изилдөөлөрүнүн бир бөлүгү гана экенин, жыл аягына чейин “жаңы муундагы жабдыктарды” коомчулук сынына коерун билдирген. 

Эске салсак, буга чейин биринчи жолу үчкө бүктөлө турган гаджетти 2024-жылы Huawei фирмасы чыгарып, кийин анын экинчи муундагылар чыгарган. 

А Samsungдун эң алгачкы бүктөлмө телефону 2019-жылы чыгып, 2025-жылы компания Galaxy Z Fold 7телефонун колдонуучуларга сунуштаган. 

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

9-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчигийн Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлор талкууланды. Ошондой эле ишкерлер ортосундагы байланышты

Ишкер Media