Германиянын ири компаниялары кызматкерлерин кескин кыскартат

Германиянын ири компаниялары кызматкерлерин кескин кыскартат

Германиядагы экономикалык кризис күчөп, жергиликтүү компаниялардын үчтөн бир бөлүгү 2026-жылга чейин жумуш орундарын кыскартууну пландап жатыш Экономика институтунун изилдөөсүнө таянуу менен, Казинформ жазды.

Изилдөөлөрдө тастыкталгандай, Германиядагы компаниялардын 36%ы алдыдагы жылы кызматкерлерин кыскартууну көздөсө, болгону 18%ы гана жаңы жумуш орундарын түзүүнү пландап жатат.
Өнөр жай тармагындагы ишканалардын 41%ы жумуштан бошотуулар болорун билдиришкен. Инвестициялар да начарлап, компаниялардын 23%ы гана 2026-жылы инвестиция көлөмүн көбөйтүүнү пландап жатса, 33%ы аны кыскартууну көздөп жатышканы маалым болгон.

Адистер Германиядагы бул каатчылык геосаясий кысымдар жана ички реформалардын жетишсиздиги менен байланыштуу экенин белгилешкен. Алар өкмөттүн миллиарддаган евролук көмөк программалары күтүлгөн натыйжага жетпей калышы мүмкүн деп эскертишет.

Белгилей кетсек, буга чейин Bosch компаниясы 13 миң жумуш ордун кыскартарын жарыялаган. Компания бул кадам аркылуу Европадагы автоунаа рыногундагы кризиске байланыштуу 2,5 миллиард евро үнөмдөөнү көздөп жатат.

Handelsblatt гезити буга чейин АКШ президенти Дональд Трамптын тарабынан киргизилген бажы салыгы 2028-жылга карата Германияга 290 млрд доллар чыгаша алып келерин жазган.  

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

9-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчигийн Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлор талкууланды. Ошондой эле ишкерлер ортосундагы байланышты

Ишкер Media