Кытайда алтынды автоматтык түрдө акча кылып берген аппарат орнотулду

Кытайда алтынды автоматтык түрдө акча кылып берген аппарат орнотулду

Шанхайда алтын буюмдарды кабыл алып, баалап жана аны кайра алтын ээсинин банктык эсебине акча кылып салып бере турган автоматташтырылган Kinghood аппараты орнотулганын жергиликтүү ЖМКлар маалымдашты. 

Аталган система 3 граммдан жогору, алтын пробасы 50%дан төмөн эмес алтын буюмдарды кабыл алат. Ал буюумдуе салмагын, курамын аныктап, Шанхай алтын биржасындагы котировкасы менен алтындын баасын салыштырат жана кармалуучу комиссияны эске алуу менен кардар алуучу сумманы сунуштайт. Кардар макул болсо анын макулдашуусу менен алтын эритилип, ошол замат анын банктык эсебине көрсөтүлгөн сумманы которуп берет. Бул операция болгону 30 мүнөттү алат. 

Бул аппаратты кытайлык Kinghood Group компаниясы иштеп чыккан. ЖМКларда бул сервис коомчулуктун кызугуусун жаратып, автоматты колдонууга бир нече ай алдыга кезекке жазылгандар болгону жарыяланган.  

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө эл аралык мелдеш өтө турган аймактагы курулуш иштери күчөтүлдү

Ысык-Көлдө эл аралык мелдеш өтө турган аймактагы курулуш иштери күчөтүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарында бир катар курулуш объектилериндеги иштердин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Нурдан Орунтаев алгач быйыл Ысык-Көлдө өтө турган F1H2O суудагы Формула-1 боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүүгө даярдык

Түптө өсүмдүк майын өндүрүүнү кеңейтүүгө колдоо көрсөтүлөт

Түптө өсүмдүк майын өндүрүүнү кеңейтүүгө колдоо көрсөтүлөт

Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев аймактагы кайра иштетүүчү ишканалардын жана айыл чарба кооперативдеринин ишмердүүлүгү менен таанышты. Министрликтин маалыматына ылайык, Түп районундагы "Эрдик" кооперативине өзгөчө көңүл бурулуп, анда жаңы сафлор жана зыгыр майын

Кыргызстанда 3,5 баллдык жер титирөө катталды

Кыргызстанда 3,5 баллдык жер титирөө катталды

14-июнда таңкы саат 05:11де өлкө аймагында жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Шиленкана айылынан түндүк-чыгышка карай 6 чакырым, Торкент айылынан түндүк-чыгышка карай 19 чакырым жана Токтогул шаарчасынан чыгышты көздөй 36 чакырым аралыкта болгон. Жер титирөөнүн күчү Шиленкана айылында болжол менен 3,5

Электр менен жылытууга жаңы объекттерди кошууга коюлган чектөө узарды

Электр менен жылытууга жаңы объекттерди кошууга коюлган чектөө узарды

Министрлер кабинети Токтогул суу сактагычында суу жетиштүү көлөмдө топтолгонго чейин электр энергиясын көп керектеген жаңы объекттерди тармакка кошууга киргизилген чектөөнү күчүндө калтырды. Бул тууралуу өкмөттүн 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча кабыл алган токтомунда көрсөтүлөт. Токтомдо калкты электр энергиясы, жаратылыш газы жана көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча