Э.Байсалов: "Кыргызстан келечекте карбондук насыя сатууга барат"

Э.Байсалов: "Кыргызстан келечекте карбондук насыя сатууга барат"

КабМин төргасынын орун басары Эдил Байсалов Бразилиянын Белем шаарында климаттык СОР30 саммитине катышып, климаттын өзгөрүшүнө каршы Кыргызстан кандай чараларды көрүп жатканын айтты. Ошондой эле ал дүйнөлүк коомчулукту глобалдык жылуунун таасирин көбүрөөк тартып жаткан тоолуу өлкөлөрдү колдоого чакырды. 

Анын айтымында, Кыргызстан 2030-жылы парник газын 18%га, а дүйнөлүк коомчулуктун колдоосу менен 30%га азайтып,  XXI кылымдын ортосунда көмүртекти нейтралдуулукка жетүү пландалып жатканын билдирди. Муну ишке ашырыш үчүн өлкөгө 6 млрд доллардан кем эмес каражат керектигин да Э.Байсалов баса белгиледи. 

Буга байланыштуу Э.Байсалов эң аз каражат алып жаткан тоо системасын коргоо боюнча программаны каржылоо үчүн өзүнчө глобалдык фонд түзүүнү сунуштады. Ошондой эле ал Кыргызстанда көмүртектик сооданын улуттук системасы иштелип жатканын, токой катмарын кобөйтүү үчүн жакынкы жылдары 800 млн бак-дарак отургузууга максат коюлганын кошумчалады. 
МинКаб төрагасынын айтымында, бул келечекте карбондук насыяларды сатууга жана андан жылыга 500 млн доллар табууга шарт түзөт.  

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде япон технологиясы менен 10 продукция чыга баштады

Баткенде япон технологиясы менен 10 продукция чыга баштады

Баткенде "Бир айыл -бир продукт" долбоорунун алкагында япон технологиясы менен дагы 10 продукция чыгарыла баштаганын Президенттин облустагы өкүлчүлүгү "Кабарга" билдирген. Аталган продукциялар улуттук экономикалык долбоордун алкагында бренд-комитеттин тандоосунан өткөн. Алар: * кызылча нектары; * өрүк гүлү чайы; * кургатылган өрүк данеги менен; * малина концентраты; * алма нектары; * жаңгак жана кургатылган

Аравандык ишкер 5 сотых жерден жылына 2-3 миң банка лимон ширесин өндүрүп жатат

Аравандык ишкер 5 сотых жерден жылына 2-3 миң банка лимон ширесин өндүрүп жатат

Араван районунда  лимонду кайра иштетүүчү фабрика  ишке кирип, анда лимондун ширеси гана эмес, анын кабыгынан да заманбап жабдуулар менен варенье өндүрүлүп жатат. Бул технология фермерлердин арасында жайылып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Райондо тропикалык өсүмдүктөрдү өстүргөн фермерлерди колдогон консультациялык борбор

К.Ташиев: "5 жылда өлкөгө 300 млрд сомдон ашык мүлк жана акча каражаты кайтарылды"

К.Ташиев: "5 жылда өлкөгө 300 млрд сомдон ашык мүлк жана акча каражаты кайтарылды"

Соңку беш жылдын ичинде коррупциялык элементтерге каршы күрөшүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 300 млрд сомдон ашык мүлк жана акча каражаты кайтарылганын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "Регион ТВ" телеканалына берген маегинде билдирди. Анын айтымында, 30 миң гектардан ашык жер жана 1 миңге жакын ишкана мамлекеттин менчигине кайра кайтарылган. “Эмне үчүн Кыргызстанда

Мамлекеттик бажы кызматы кореянын KOICA жана CUPIA агенттиктери менен кызматташат

Мамлекеттик бажы кызматы кореянын KOICA жана CUPIA агенттиктери менен кызматташат

КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратында МБКнын Төрагасы А.А. Салиевдин жетекчилиги астында KOICA жана CUPIA агенттигинин делегациясы менен бажы иши чөйрөсүндө актуалдуу маселелерди жана өнүктүрүү преспективаларын талкуулоо боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү.  Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашты. Бул иш-чаранын максаты - Кыргыз бажысынын институционалдык дараметин модернизациялоо