Жол белгилерин чийүүчү термопластик Сокулукта өндүрүлө баштады

Жол белгилерин чийүүчү термопластик Сокулукта өндүрүлө баштады

Кыргызстанда жол белгилерин чийүүдө колдонулуучу термопластик өндүрүлө баштаганын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин директору Эмилбек Таштанбеков “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. 

Анын айтымында, өлкөнүн тоолуу климатында шарттар ар кандай болгондуктан, Кыргызстандын ар бир аймагы үчүн өзүнчө рецептура иштелип чыгат.

Эмилбек Таштанбеков белгилегендей, термопластиктин биринчи 20 тоннасы Баткен облусундагы ДЭУ-46га жеткирилген. Жазга чейин 1000 тоннага чейинки материалды даярдоо пландалган жана кийинчерээк аймактарга толук бөлүштүрүү иштери башталат. Учурда өндүрүштө 13 жумушчу иштеп жатат.
Термопластик курамынын 51%ы Кочкор жана Лейлек карьерлеринен казылып алынган ак доломит уну. Ошондой эле өзүнүн тегирменинде 5 микронго чейин майдалана турган ак мраморду колдонуу сыноодон өткөрүлүп жатыптыр. Химиялык компоненттер болсо Кытайдан импорттолот.

Бул долбоор "Вокко" ЖЧКсы менен түзүлгөн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишими аркылуу ишке ашырылган. Бул кызматташтыктын алкагында Сокулук районунда жайгашкан 1000 чарчы метрди түзгөн бышкан кыштан курулган имарат өндүрүш базасы катары берилди.

Мурда термопластиктер толугу менен импортко көз каранды болуп келсе, эми алар ички рынокто өндүрүлөт. Долбоорду мамлекет 5 млн сомго, ал эми жеке өнөктөш 17 млн сомго каржылаган.

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

9-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчигийн Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлор талкууланды. Ошондой эле ишкерлер ортосундагы байланышты

Ишкер Media