130 атактуунун аккаунттарын бузган хакерге 5,4 млн доллар биткоин айып салынды

130 атактуунун аккаунттарын бузган хакерге 5,4 млн доллар биткоин айып салынды

Англиянын Королдук прокуратурасы (CPS) хакер Жозеф О'Коннорго болжол менен 130 атактуунун Twitter`деги  аккаунттарын массалык түрдө бузуп киргени үчүн 5,4 миллионго жакын доллар биткоин төлөө чечимин чыгарганын эл аралык ЖМКлар прокуратуранын маалыматына шилтеме кылуу менен жарыялашты.  

О'Коннор алдамчылык схемасынын натыйжасында алынган 42 биткоинди жана башка криптовалюталарды кайтарып бериши керек. Санариптик активдердин жалпы наркы 4,1 млн фунт стерлингге (5,4 миллионго жакын доллар) бааланган.
Прокуратурадан белгилешкендей, хакер атактуу адамдардын аккаунттарына чабуул жасап андан кийин алардын баракчаларындагы колдонуучуларды адаштыруу жана каражат алуу үчүн колдонгон.

2020-жылдын июль айында болгон бир нече америкалык компаниялардын жана эл аралык атактуулардын баракчаларына криптовалюталарды көрсөтүлгөн даректерге которууну суранган жана каражатты эки эсе кылып кайтарып берүүнү убада кылган билдирүүлөр түшкөн. 

Аккаунттары жабыркагандардын арасында Илон Маск, Билл Гейтс, Жефф Безос, Уоррен Баффет, Канье Уэст жана АКШнын мурдагы президенти Барак Обама болгон. Жалпысынан болжол менен 130 аккаунт бузулган.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

9-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчигийн Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлор талкууланды. Ошондой эле ишкерлер ортосундагы байланышты

Ишкер Media