ЖИ ашпозчусу Дубай ресторанында башкы ашпозчу болот

ЖИ ашпозчусу Дубай ресторанында башкы ашпозчу болот

Дубайдагы Woohoo ресторанында эми тамакты жасалма интеллект - “Ашпозчу Айман” даярдарын Известия басылмасынын маалыматына шилтеме кылуу менен  “Кабар” агенттиги жазды. 

 Жасалма интеллекттин ашпозчусу миңдеген рецепттер жана даам айкалыштары камтылган чоң маалыматтардын негизинде окутулган. Футуристтик концепциядагы ресторан быйыл сентябрда ачылып, “гастрономиянын келечеги” катары сунушталып жатканы айтылат маалыматта.

 Ресторандын ээси Ахмет Ойтун Чакыр чыгармалык кризис учурунда ChatGPT`ден жаңы тамак ойлоп табууну суранган. Нейротармак ага татымал кошулган козу этинин рецептин сунуштаган. Даярдалган тамак өзгөчө жактырылып, дароо менюга киргизилген.

 “Ашпозчу Айман” - БАЭдеги Vivid Studios компаниясы иштеп чыккан Umai моделине негизделген санарип аватар. Ал көз айнек таккан орто жаштагы эркек кишинин футуристтик образында түзүлгөн. Жасалма интеллект ашкананы толук көзөмөлдөп, рецепттер жана ингредиенттер боюнча чоң маалыматтарды колдонуп, жаңы даамдарды жаратат.

Бирок, айрым эксперттер технологияга сокур ишеним кылуу өтө кымбатка турган жоготууларды алып келиши мүмкүн экенин да айтышат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 5-ноябрда жаштар форуму өтөт

Бишкекте 5-ноябрда жаштар форуму өтөт

5-ноябрда Бишкек шаарындагы Жаштык Аренада "Кыялымдагы Кыргызстан" жаштар форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлады. Билдирүүгө караганда, иш-чарага активдүү жаштар, студенттер жана жаш лидерлер катышат. Алар өлкөнүн өнүгүү багыттары боюнча өз ойлорун жана сунуштарын билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Форумдун максаты — жаштардын өлкөнүн өнүгүүсүнө байланыштуу демилгелерин колдоо, алардын

Ишкер Media
Ала-Бука районунда 29 айыл таза суу менен камсыздалды

Ала-Бука районунда 29 айыл таза суу менен камсыздалды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Маалымдалгандай, Ала-Бука районунда аталган жылдары 29 айыл таза ичүүчү суу менен камсыздалып, 66 чакырымдан ашык жол асфальтталды. Ошондой эле

Ишкер Media
Улуттук банк насыяларды мөөнөтүнөн мурда төлөө жана күрөөнү текшерүү тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Улуттук банк насыяларды мөөнөтүнөн мурда төлөө жана күрөөнү текшерүү тартибин өзгөртүүнү сунуштады

КРнын Улуттук банкы насыяларды аралыктан тейлөө каналдары аркылуу мөөнөтүнөн мурда төлөө жол-жоболорун өркүндөтүүнү жана күрөөгө коюлган кыймылдуу мүлктү видео аркылуу текшерүү мүмкүнчүлүгүн киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банктын коомдук талкууга чыгарган токтом долбоорунда камтылган. Документке ылайык, насыя алуучуларга банкка барбастан, аралыктан тейлөө каналдары аркылуу насыясын мөөнөтүнөн мурда төлөө мүмкүнчүлүгүн

Ишкер Media
Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү Россиянын бизнес коомчулугуна тааныштырылды

Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү Россиянын бизнес коомчулугуна тааныштырылды

Соода-өнөр жай палатасынын Россия Федерациясындагы расмий өкүлү Кубанычбек Осмонбеков инвестициялык коомчулуктун өкүлдөрүнө Кыргызстандын инвестициялык потенциалын тааныштырды. Мекеменин маалыматына ылайык, анда өлкөнүн инвестиция тартуудагы артыкчылыктуу багыттары, Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү баяндалды. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын банк секторуна, эл аралык эсептешүүлөргө, ошондой эле

Ишкер Media