"40 райондон 40 демилге" долбоорунан 8 адам жеңүүчү болду

"40 райондон 40 демилге" долбоорунан 8 адам жеңүүчү болду

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин "40 райондон 40 демилге" долбоорунун финалдык иш-чарасы өттү. Анда 8 мыкты демилгечи аныкталып, аларга тастыкталган сертификаттар тапшырылганы маалым болду.

Инновациялык демилгелер:

  1. Илхомжон Асанбаев - "Инклюзивдүү технология";
  2. Баатыр Акматов - "ЭФИ" жылуулук генераторун жасап чыгаруучу чакан ишкана уюштуруу;
  3. Алеся Вдовкина - "Мээримдүү эненин жолу";
  4. Улан Канат уулу - "AiDos. Санарип платформа".

Стартаптар:

  1. Оомат Торомаматов - "Сидбол топчолорун даярдоонун жана таратуунун автоматташтырылган системасы";
  2. Гульжан Самиева - "АФК борбору";
  3. Айдарали уулу Эрнист - "Гидропоника";
  4. Гульжамал Саматова "Жүндү жана терини кайра иштетүү аркылуу кыргыздын улуттук буюмдарын жасоо жана эл арасына жайылтуу жана жаштарга үйрөтүү".

 2025-жылдагы тандоого өлкөнүн бардык аймактарынан 209 өтүнмө түшкөн. Алардын ичинен өндүрүш, тейлөө, айыл чарба, билим берүү, IT, туризм жана чийки заттарды кайра иштетүү тармактары боюнча 30 долбоор алдын ала тандалып алынган.

Жобого ылайык, ар бир мыкты инновациялык демилгенин жеңүүчүлөрүнө — 500 миң сом, ал эми мыкты стартап демилгеси үчүн — 1 млн сом акчалай колдоо каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

9-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчигийн Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлор талкууланды. Ошондой эле ишкерлер ортосундагы байланышты

Ишкер Media
"Кошой" ААК заводунда электрондук кезек фермерлердин ишин жеңилдетти

"Кошой" ААК заводунда электрондук кезек фермерлердин ишин жеңилдетти

Сокулуктагы "Кошой" ААК кант заводунда 2 жылдан бери электрондук кезек системасы иштеп жатат. Анын аркасында кант кызылчасын ташыган унаалар кезек күтпөстөн, код аркылуу заводго кирип, кант кызылчасын тапшырып, кайра эгин талаасына барып, бир күндө 2 жолудан каттап жатышат. Борбордук кант кызылчасын кабыл алуу пунктунун башчысы Каныбек Талангутовдун айтымында,

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга иш сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга иш сапары аяктады

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун 8-9-октябрда Түркмөнстанга болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, 8-октябрда мамлекет башчысы Борбордук Азия жана Азербайжан лидерлеринин Консультативдик жолугушуусуна катышып, мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Жыйынтыгында лидерлер Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Ошол эле күнү Садыр Жапаров Түркмөнстандын

Ишкер Media