Ууру 19,2 миң долларлык зер буюмун жутуп алды

Ууру 19,2 миң долларлык зер буюмун жутуп алды

Жаңы Зеландия полициясы 32 жаштагы эркек киши Фаберже кулонун уурдаган деп айыпталганын The Guardian басылмасы жазып чыкты.

Аталган буюм Джеймс Бонддун “Осьминожка” фильминдеги 18 карат алтындан жасалган жана жашыл эмаль менен капталган кулон болгон. Кулондун ичинде кара бриллианттардан көздөрү бар алтын осминог бар. Кулон 60 ак бриллиант жана 15 көк сапфир менен кооздолгон. Бул зергер буюмунун баасы 19,2 миң доллар турат. 

Окленд шаарындагы Partridge Jewellers зергерлик дүкөнүнүн кызматкерлери, эркек киши кулонду алып, аны жутуп койгонун билдиришкен. Шаардын борборунан келген патрулдук топ бир нече мүнөттөн кийин шектүү кишини дүкөндөн кармап, камакка алган.

32 жаштагы эптүү эркек ууруга кулонду уурдоо боюнча айып коюлду жана ал камакка алынды.

Мындан тышкары окуңуз

Алматыда Кыргызстан менен Казакстандын агрардык кызматташтыгы талкууланды

Алматыда Кыргызстан менен Казакстандын агрардык кызматташтыгы талкууланды

Кечээ Алматы шаарында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков менен Казакстандын Айыл чарба министри Айдарбек Сапаров жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Тараптар азык-түлүк буудайын туруктуу жеткирүү, орус буудайын Казакстан аркылуу транзиттөө жана минералдык жер семирткичтерди жеткирүү маселелерин талкуулашты. Министрлер Кыргызстан менен Казакстандын агрохолдингдеринин

Ысык-Көлдөн үч күндө 6,8 миң метр синтетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн үч күндө 6,8 миң метр синтетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн үч күндө 6800 метр синтетикалык тор жана 140 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы билдирди. 11-августта көлдөн 2300 метр синтетикалык тор жана 50 кг таштанды, 12-августта 2000 метр тор жана 40 кг таштанды, 13-августта 2500

Кыргызстан менен Түркия уюшкан кылмыштуулукка каршы кызматташат

Кыргызстан менен Түркия уюшкан кылмыштуулукка каршы кызматташат

Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Түркиядагы иш сапарынын алкагында Түркиянын ички иштер министри Мустафа Чифтчи менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн ички иштер органдарынын кызматташтыгын өнүктүрүү, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана укук тартибин чыңдоо маселелери талкууланды. Тараптар трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттарды

Айбек Жунушалиев "Бишкек ЖЭБдин" кышка даярдыгын текшерди

Айбек Жунушалиев "Бишкек ЖЭБдин" кышка даярдыгын текшерди

13-августта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Бишкек ЖЭБ" муниципалдык ишканасына барып, анын учурдагы ишмердүүлүгү жана күз-кышка даярдыгы менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мэр өндүрүштүк объектилердин техникалык абалын, ишканаларды отун менен камсыздоо жана оңдоо иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөдү. Көчмө жыйындын алкагында "