Google 2026-жылы "акылдуу" көз айнек чыгарат

Google 2026-жылы "акылдуу" көз айнек чыгарат

Google компаниясы 2026-жылы жасалма интеллект менен иштеген жаңы муундагы акылдуу көз айнек чыгарарын Euoronews басылмасы жазды. Бул кадам Google'дун 2015-жылы токтотулган Google Glass долбоорунан кийин акылдуу көз айнек рыногуна кайтып келүүсүн билдирет.

Жаңы көз айнек Google'дун жасалма интеллект жардамчысы Gemini менен интеграцияланып иштейт. Колдонуучулар көз айнек аркылуу үн менен буйрук берип, сүрөткө тартып же жардам сурай алышат. Көз айнекте аудио жана камера технологиясы колдонулат, бул смартфонду колдонбостон тиркемелер менен иштөөгө шарт түзөт.

Көз айнек Түштүк Кореянын Gentle Monster бренди, Samsung электроника гиганты жана америкалык Warby Parker компаниясынын кызматташуусунда иштелип чыккан. Ал Google'дун аралаш реалдуулук технологиясына негизделген Android XR платформасында иштейт. 

Google бул көз айнекти көп функционалдуу, стилистикалык жактан заманбап жана колдонуучуга ыңгайлуу кылып чыгарууну көздөп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

"Кошой" ААК заводунда электрондук кезек фермерлердин ишин жеңилдетти

"Кошой" ААК заводунда электрондук кезек фермерлердин ишин жеңилдетти

Сокулуктагы "Кошой" ААК кант заводунда 2 жылдан бери электрондук кезек системасы иштеп жатат. Анын аркасында кант кызылчасын ташыган унаалар кезек күтпөстөн, код аркылуу заводго кирип, кант кызылчасын тапшырып, кайра эгин талаасына барып, бир күндө 2 жолудан каттап жатышат. Борбордук кант кызылчасын кабыл алуу пунктунун башчысы Каныбек Талангутовдун айтымында,

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга иш сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга иш сапары аяктады

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун 8-9-октябрда Түркмөнстанга болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, 8-октябрда мамлекет башчысы Борбордук Азия жана Азербайжан лидерлеринин Консультативдик жолугушуусуна катышып, мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Жыйынтыгында лидерлер Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Ошол эле күнү Садыр Жапаров Түркмөнстандын

Ишкер Media
Эдуард Кубатов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

Эдуард Кубатов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

8-октябрда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу агенттиктен маалымдашты. Билдирүүгө караганда, жолугушууда Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү жана Дүйнөлүк банктын колдоо механизмдери талкууланды. Тараптар Агенттиктин учурдагы иштери жана "Сужан" долбоорунун абалы боюнча

Ишкер Media
Касымалиев күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрдү

Касымалиев күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Жыйында энергетикалык абал, жылуулук менен камсыздоочу ишканаларды жана бюджеттик мекемелерди кышка даярдоо, отун менен камсыздоо жана калкты көмүр менен камсыздоо маселелери каралды. Маалыматка ылайык, 2026-жылы республика боюнча

Ишкер Media