Кыргыз кондитерлери эл аралык чемпионатта алтынга татыктуу болушту

Кыргыз кондитерлери эл аралык чемпионатта алтынга татыктуу болушту

Бишкектеги №10 С.Чокморов атындагы кесиптик лицейдин өндүрүш чебери Жамиля Жуматаева жана анын окуучусу Ажара Кеңешова "Chocolatine Kazakhstan – 2025" эл аралык чемпионатында алтын медаль жеңип алышты

Жеңиштен тышкары, кыргызстандык кондитерлер 2026-жылы Францияда өтчү World Chocolatine and Pain au Chocolat Championship мелдешинде өлкөн атынан чыгуу укугун алышты.

Чемпионатка Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан 22 катышуучу келди. Катышуучулар эки модул боюнча татаал кондитердик тапшырмаларды аткарышты, жана алардын иштери эл аралык эксперттер тарабынан бааланды.

"Chocolatine Kazakhstan – 2025" — бул кесиптик билим берүү чөйрөсүндө (колледждер жана лицейлер) окуучулар жана өндүрүш чеберлери үчүн престиждүү профессионалдык чеберчилик конкурсу. Мелдеш Борбор Азиянын таланттуу жаш кондитерлерин бириктирет жана жогорку кесиптик чеберчилик, чыгармачылыкты жана татаал технологияларды билүүнү талап кылат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга иш сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга иш сапары аяктады

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун 8-9-октябрда Түркмөнстанга болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, 8-октябрда мамлекет башчысы Борбордук Азия жана Азербайжан лидерлеринин Консультативдик жолугушуусуна катышып, мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Жыйынтыгында лидерлер Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Ошол эле күнү Садыр Жапаров Түркмөнстандын

Ишкер Media
Эдуард Кубатов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

Эдуард Кубатов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

8-октябрда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу агенттиктен маалымдашты. Билдирүүгө караганда, жолугушууда Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү жана Дүйнөлүк банктын колдоо механизмдери талкууланды. Тараптар Агенттиктин учурдагы иштери жана "Сужан" долбоорунун абалы боюнча

Ишкер Media
Касымалиев күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрдү

Касымалиев күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Жыйында энергетикалык абал, жылуулук менен камсыздоочу ишканаларды жана бюджеттик мекемелерди кышка даярдоо, отун менен камсыздоо жана калкты көмүр менен камсыздоо маселелери каралды. Маалыматка ылайык, 2026-жылы республика боюнча

Ишкер Media
Бишкекте трамвай тармагын өнүктүрүү, метробус жана метро куруу келечеги пландаштырылууда

Бишкекте трамвай тармагын өнүктүрүү, метробус жана метро куруу келечеги пландаштырылууда

Кечээ Бишкек шаарынын мэриясында шаар мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев менен Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николя Файдын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын модернизациялоо жана коомдук транспорттун заманбап түрлөрүн өнүктүрүү келечеги талкууланды. Жолугушууга Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери, Франциянын делегациясынын өкүлдөрү жана

Ишкер Media