Кыргызстанда акыркы 10 жылдан бери биринчи суу кундузу катталды

Кыргызстанда акыркы 10 жылдан бери биринчи суу кундузу катталды

Кыргызстанда он жылдан бери биринчи жолу ортоазиялык суу кундузу катталганын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

"Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркынын кызматкерлери Казакстан менен чектеш Турук дарыясында суу кундузун видеого тартып алышкан. 

Белгиленгендей, бул Кыргызстандын аймагында кундуздун акыркы он жылдагы биринчи ишенимдүү катталышы болуп эсептелет.

2023-2025-жылдары Кызыл-Суу, Чаткал, Түп, Көкөмерен жана Чүй дарыяларында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө суу кундузуна тиешелүү эч бир издер табылган эмес. Бул көрүнүш кундуздун өлкөдө толук жоголуп кетүү коркунучун күчөткөн. Бирок, жаңы видеокадрлар суу кундуздарын Казакстандын аймагынан убактылуу кирип келиши мүмкүн экенин тастыктады.

"Турук дарыясындагы суу кундузу жалгыз келгенби же бул аймакта башка кундуздардын жашар-жашабасы иликтенет",-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Эдуард Кубатов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

Эдуард Кубатов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

8-октябрда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу агенттиктен маалымдашты. Билдирүүгө караганда, жолугушууда Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү жана Дүйнөлүк банктын колдоо механизмдери талкууланды. Тараптар Агенттиктин учурдагы иштери жана "Сужан" долбоорунун абалы боюнча

Ишкер Media
Касымалиев күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрдү

Касымалиев күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Жыйында энергетикалык абал, жылуулук менен камсыздоочу ишканаларды жана бюджеттик мекемелерди кышка даярдоо, отун менен камсыздоо жана калкты көмүр менен камсыздоо маселелери каралды. Маалыматка ылайык, 2026-жылы республика боюнча

Ишкер Media
Бишкекте трамвай тармагын өнүктүрүү, метробус жана метро куруу келечеги пландаштырылууда

Бишкекте трамвай тармагын өнүктүрүү, метробус жана метро куруу келечеги пландаштырылууда

Кечээ Бишкек шаарынын мэриясында шаар мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев менен Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николя Файдын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын модернизациялоо жана коомдук транспорттун заманбап түрлөрүн өнүктүрүү келечеги талкууланды. Жолугушууга Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери, Франциянын делегациясынын өкүлдөрү жана

Ишкер Media
Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү реестри түзүлөт

Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү реестри түзүлөт

Экономика жана коммерция министрлиги акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды, ошондой эле жарандык-укуктук мүнөздөгү кызматтарды камтыган бирдиктүү реестрди бекитүүнү коомдук талкууга сунуштады.  Документ мамлекеттик кызматтар тууралуу маалыматтарды системалаштырууга, аларды көрсөтүү шарттарынын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана реестрди үзгүлтүксүз жаңыртып турууга багытталган. Маалыматка ылайык, реестрге кызматтын аталышы, аны көрсөтүүгө жооптуу

Ишкер Media