А.Касымалиев Германиядан салган белектер бөбөктөргө жетти

А.Касымалиев Германиядан салган белектер бөбөктөргө жетти

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиевдин Германияга болгон иш сапарынын алкагында Берлиндеги "Кыргыз почтасы" ААКтын эл аралык почта алмашуу бөлүмү аркылуу жөнөткөн белектери кичинекей дарек ээлерине ийгиликтүү жеткенин президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчисинин орун басары Назгүл Бабаканова социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Эскерте кетсек, 29-ноябрда Адылбек Касымалиев Берлинге Германия болгон иш сапарынын алкагында "Кыргыз почтасы" ААКтын эл аралык почта алмашуу бөлүмүнө барып, өзүнүн атынан Кыргызстандагы балдар үйлөрүнүн бирине 50 белек жөнөткөн.

Белектердин арасында аң-сезимди өнүктүрүүчү оюндар, таанып-билүүчү китептер, кеңсе буюмдары жана таттуулар бар.

Мындан тышкары окуңуз

Касымалиев күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрдү

Касымалиев күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Жыйында энергетикалык абал, жылуулук менен камсыздоочу ишканаларды жана бюджеттик мекемелерди кышка даярдоо, отун менен камсыздоо жана калкты көмүр менен камсыздоо маселелери каралды. Маалыматка ылайык, 2026-жылы республика боюнча

Ишкер Media
Бишкекте трамвай тармагын өнүктүрүү, метробус жана метро куруу келечеги пландаштырылууда

Бишкекте трамвай тармагын өнүктүрүү, метробус жана метро куруу келечеги пландаштырылууда

Кечээ Бишкек шаарынын мэриясында шаар мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев менен Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николя Файдын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын модернизациялоо жана коомдук транспорттун заманбап түрлөрүн өнүктүрүү келечеги талкууланды. Жолугушууга Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери, Франциянын делегациясынын өкүлдөрү жана

Ишкер Media
Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү реестри түзүлөт

Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү реестри түзүлөт

Экономика жана коммерция министрлиги акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды, ошондой эле жарандык-укуктук мүнөздөгү кызматтарды камтыган бирдиктүү реестрди бекитүүнү коомдук талкууга сунуштады.  Документ мамлекеттик кызматтар тууралуу маалыматтарды системалаштырууга, аларды көрсөтүү шарттарынын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана реестрди үзгүлтүксүз жаңыртып турууга багытталган. Маалыматка ылайык, реестрге кызматтын аталышы, аны көрсөтүүгө жооптуу

Ишкер Media
Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоого багытталган Жарлыкка кол коюлду

Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоого багытталган Жарлыкка кол коюлду

Президенти Садыр Жапаров “Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоонун укуктук кепилдиктерин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлык салык системасын өркүндөтүүгө, ак ниет салык төлөөчүлөрдүн укуктарын коргоону күчөтүүгө жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. Документтин негизги максаты — мамлекеттин кызыкчылыктары менен ишкерлердин укуктарынын ортосундагы адилеттүү тең салмактуулукту камсыз кылуу

Ишкер Media