Эс алам десең "Евразия" маданий-эс алуу паркына кел

Эс алам десең "Евразия" маданий-эс алуу паркына кел

Кечээ "Евразия" маданий-эс алуу паркында кышкы сезонду салтанаттуу ачуу аземи болуп өттү. Парктагы майрамдык жасалгалардын негизги элементи –жаңы жылдык балаты болду.

"Евразия" маданий-эс алуу паркынын директору Вячеслав Шариков парк шаар тургундары үчүн маанилүү коомдук мейкиндикке айланганын белгиледи. Ачылгандан бери паркты болжол менен жарым миллионго жакын адам зыярат кылган.

"Биз жылдын каалаган мезгилинде шаар тургундары жана борбордун коноктору тартыла турган мейкиндикти түздүк. “Евразия” паркы — шаардык жашоонун маанилүү бөлүгү, үй-бүлөлүк эс алуу, баарлашуу жана маданий салттар менен таанышуу үчүн ылайыктуу жай", — деп белгиледи Вячеслав Шариков.

Кышкы сезон алкагында паркта ачык асман алдындагы муз аянтчасы иштеп жатат. Парк аймагында 30дан ашуун тематикалык фотозоналар жана арт-инсталляциялар жайгаштырылган, алардын арасында бийиктиги 10 метрди түзгөн Аяз атанын фигурасы да бар.

Балдар үчүн паркта эки Аяз атанын үйү иштеп жатат, анда күн сайын кичинекей коноктор менен жолугушуулар өткөрүлөт. Ошондой эле майрамдык даамдар жана сувенирлер сунушталган "Түндүк жаркыроосу" аттуу кышкы жарманке өз ишин баштады.

"Евразия" паркындагы кышкы программа цирктеги жаңыланган көрсөтүүлөрдү, сахнадагы шоу-программаларды, театралдаштырылган оюн-зоокторду жана жомок каармандарынын катышуусундагы көңүл ачуучу иш-чараларды камтыйт.

Жаш коноктор үчүн чыгармачылык үйлөр иштеп жатат, анда балдар сүрөт тартуу, чопо менен иштөө жана аквагрим боюнча мастер-класстарга катыша алышат. Активдүү эс алууну жактыргандар үчүн адистердин жетекчилиги алдында коньки тебүүнү үйрөткөн "Муз мектеби" долбоору сунушталат. Мындан тышкары, "Улуттук салттар" программасынын алкагында боз үйдө салттуу маданияттын элементтери менен тааныштырып, таанып-билүүчү жана интерактивдүү иш-чаралар өткөрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Касымалиев күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрдү

Касымалиев күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Жыйында энергетикалык абал, жылуулук менен камсыздоочу ишканаларды жана бюджеттик мекемелерди кышка даярдоо, отун менен камсыздоо жана калкты көмүр менен камсыздоо маселелери каралды. Маалыматка ылайык, 2026-жылы республика боюнча

Ишкер Media
Бишкекте трамвай тармагын өнүктүрүү, метробус жана метро куруу келечеги пландаштырылууда

Бишкекте трамвай тармагын өнүктүрүү, метробус жана метро куруу келечеги пландаштырылууда

Кечээ Бишкек шаарынын мэриясында шаар мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев менен Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николя Файдын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын модернизациялоо жана коомдук транспорттун заманбап түрлөрүн өнүктүрүү келечеги талкууланды. Жолугушууга Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери, Франциянын делегациясынын өкүлдөрү жана

Ишкер Media
Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү реестри түзүлөт

Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү реестри түзүлөт

Экономика жана коммерция министрлиги акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды, ошондой эле жарандык-укуктук мүнөздөгү кызматтарды камтыган бирдиктүү реестрди бекитүүнү коомдук талкууга сунуштады.  Документ мамлекеттик кызматтар тууралуу маалыматтарды системалаштырууга, аларды көрсөтүү шарттарынын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана реестрди үзгүлтүксүз жаңыртып турууга багытталган. Маалыматка ылайык, реестрге кызматтын аталышы, аны көрсөтүүгө жооптуу

Ишкер Media
Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоого багытталган Жарлыкка кол коюлду

Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоого багытталган Жарлыкка кол коюлду

Президенти Садыр Жапаров “Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоонун укуктук кепилдиктерин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлык салык системасын өркүндөтүүгө, ак ниет салык төлөөчүлөрдүн укуктарын коргоону күчөтүүгө жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. Документтин негизги максаты — мамлекеттин кызыкчылыктары менен ишкерлердин укуктарынын ортосундагы адилеттүү тең салмактуулукту камсыз кылуу

Ишкер Media