Океандардагы балык биомассасы жылыга 20%га кыскарып жатат
Испаниянын табийгый илимдер улуттук музейи менен Колумбиянын улуттук университетинин окумуштуулары океандын узак мөөнөттүү ысышы балыктардын биомассасынын жыл сайын туруктуу кыскарышына алып келерин аныкташты. Айрым учурларда бул кыскаруу 19,8% га чейин жетет.
Изилдөө Жер ортолук деңизинин, Түндүк Атлантиканын жана Тынч океандын түндүк-чыгыш бөлүгүнүн сууларын камтыды. Окумуштуулар 1993–2021-жылдар аралыгында дээрлик 34 миңге жакын балык популяциясы боюнча алынган 700 миңден ашуун биомассанын өзгөрүү баалоолорун талдап чыгышкан.
Изилдөөчүлөр деңиздеги жылуулук толкундарынын таасирин да аныкташкан. Муздак аймактарда мындай жылуулук толкундары балыктын биомассасын убактылуу 176% га чейин көбөйтүшү мүмкүн. Ал эми буга чейин эле жылуу болгон сууларда ошол эле кубулуш биомассанын кескин азайышына — 43,4% га чейин түшүшүнө алып келет.
Авторлордун айтымында, мындай убактылуу өсүш кооптуу, анткени ал жаңылыштыкка алып келиши мүмкүн. Эгер кыска мөөнөттүү көбөйүү негизинде балык уулоо квоталары жогорулатылса, температура кайра нормалдашканда же узак мөөнөттүү ысуу тенденциясы үстөмдүк кылганда популяциялар кескин азайып кетүү коркунучуна туш болот.
Окумуштуулар балык ресурстарын башкаруунун салттуу ыкмаларын кайра карап чыгууга чакырышат. Алардын пикиринде, үч негизги өзгөрүү зарыл:
- Температура кескин өзгөргөн учурларда шашылыш коргоо чараларын киргизүү;
- Квоталарды пландаштырууда биомассанын узак мөөнөттүү азайышын эске алуу;
- Эл аралык деңгээлде координацияны күчөтүү, анткени балык популяциялары өзүнө ыңгайлуу температураны ээрчип, мамлекеттик чек аралардан өтүп көчүп жүрүшөт.