Apple компаниясы эң арзан ноутбук –599 долларлык MacBook Neoну чыгарды
Apple компаниясы тарыхындагы эң арзан ноутбук — MacBook Neo моделин тааныштырды. Техникалык жактан алганда, MacBook Neo — бюджеттик ноутбук. Көптөгөн параметрлери боюнча ал күчтүүрөөк жана батареясы узагыраак иштеген кымбат моделдерден артта калат.
Ноутбук алюминий корпуста чыгарылган. Түстөрү: ачык кызгылт, кочкул көк, күмүш түстүү жана жаңы ачык сары. Салмагы — 1,2 кг.
Экран жана камера
- 13 дюймдук Liquid Retina дисплей
- Экранынын узун, туурасы: 2408 × 1506 пиксель
- Жарыктыгы: 500 нитке чейин
- 1 миллиард түстү көрсөтүүнү колдойт
Жогорку алкакта 1080p FaceTime HD камерасы жайгашкан, бирок Center Stage технологиясы жок.
Процессор
MacBook Neo A18 Pro чипи менен жабдылган. Бул чип мурда iPhone 16 Pro жана iPhone 16 Pro Maxсмартфондорунда колдонулган.
Кайсы иштерге ылайыктуу
Ноутбук негизинен жөнөкөй иштер үчүн сунушталат:
- интернетте иштөө
- документтер менен иштөө
- сүрөттөрдү жөнөкөй иштетүү
- фильм көрүү жана музыка угуу
MacBook Air жана MacBook Pro моделдеринен айырмасы
- экран кичинекей
- камера жөнөкөй
- процессор алсызыраак
- эс тутуму азыраак
- батареясы 16 саатка чейин иштейт
Баасы: ноутбук 599 доллардан баштап сатылат.