Англия банкы улуттук валютасынын дизайнын өзгөртүүнү пландап жатат
Англия банкы британ фунт стерлингинин банкнотторунун дизайнын өзгөртүүнү пландап жатат. Жаңы дизайнга ылайык, тарыхый инсандардын сүрөттөрүнүн ордуна Улуу Британиянын жапайы жаратылышын чагылдырган жаныбарлардын сүрөттөрү жайгаштырылышы мүмкүн экенин Bloomberg маалымдады.
Пландалган өзгөрүүлөргө ылайык, фунт стерлингдин жаңы сериясында кирпи же борсук сыяктуу жаныбарлар сүрөттөлүшү мүмкүн. Ошол эле учурда банкноттордон белгилүү британ инсандарынын, анын ичинде Уинстон Черчиллдин портреттери алынып салынышы мүмкүн.
Мындай чечим коомдук талкуудан кийин кабыл алынган. Ага болжол менен 44 миң адам катышкан. Добуш бергендердин көбү банкноттордо жаратылыштын сүрөттөрү болушун колдогон, ал эми тарыхый инсандар үчүнчү орунду алган.
Жаңы сүрөттөр 5, 10, 20 жана 50 фунт стерлинг номиналындагы банкноттордун арткы бетине жайгаштырылат. Азыр бул жерде төмөнкү белгилүү инсандардын портреттери бар:
- жазуучу Джейн Остин
- сүрөтчү Уильям Тернер
- математик Алан Тьюринг
Ал эми банкноттордун алдыңкы бетинде өзгөрүү болбойт — анда мурдагыдай эле Улуу Британиянын падышасы Карл IIIнүн сүрөтү калат.