Мага алдамчылар мэрдин атынан акча которууну суранып жазышкан – Ж.Чуштуков

Мага алдамчылар мэрдин атынан акча которууну суранып жазышкан – Ж.Чуштуков

Аким Жолдошбек Чуштуков бүгүн Октябрь районунун тургундарынын алдында чыгып сүйлөп, интернет-алдамчыларга алданбоо үчүн этият болууга чакырды.

Анын айтымында, акыркы убакта телефон аркылуу чалып, банк карталарынын коддорун сураган учурлар көбөйдү.

"Мага да чалышкан, анан калса бир нече жолу. Айрым учурларда WhatsApp аркылуу биздин вице-мэрлердин же мэрдин атынан жазып, шашылыш акча которууну суранышкан. Мен өзүм да буга күбө болгом: карасаң, вице-мэр жазып жаткандай көрүнөт — сүрөтү, аты-жөнү туура, бирок номер менде сакталган эмес. Кийин бул алдамчылык экени аныкталган", — деди Чуштуков.

Аким жарандарды мындай учурларда милицияга кайрылууга чакырды. Ошондой эле улуу муундагы адамдарды маалыматты текшерип, ишенбөөгө үндөдү.

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда автоунаа өндүрүү көлөмү 7 млн долларга жетти

Эки айда автоунаа өндүрүү көлөмү 7 млн долларга жетти

2026-жылдын январь–февраль айларында Кыргызстанда автоунаа өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен 621,3 млн сомду же 7 млн долларды түзгөнүн Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына жүргүзүлгөн талдоодо айтылат. Ошол эле учурда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш анча чоң эмес болгон — 620,6 млн сомдон көбөйгөн. Февраль айында өлкөдө 347,6

Алар-Арча дарыясынын жээгинен 17 объект демонтаждалды

Алар-Арча дарыясынын жээгинен 17 объект демонтаждалды

Бишкек шаарынын Ленин райондук акимиаты билдиргендей, Жунусалиев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки тилкеде Ала-Арча дарыясынын коргоо аймагы текшерүүдөн өткөрүлдү. Иш-чара шаардык кызматтардын катышуусу менен уюштурулду. Текшерүүнүн жыйынтыгында коргоо аймагында мыйзам бузуу менен жайгашкан 17 объект демонтаждалды. "Бишкек шаарынын муниципалдык кызматтары суу объектилеринин коргоо аймактарын бошотуу жана шаар куруу менен

С.Жапаров: Алгачкы жолу улуттук валютабызды өзүбүз басып чыгара баштадык

С.Жапаров: Алгачкы жолу улуттук валютабызды өзүбүз басып чыгара баштадык

Өлкө президенти Садыр Жапаров өзүнүн социалдык баракчасында, кубанычтуу кабар менен бөлүштү. Президенттин айтымында өлкөбүздүн тарыхында алгачкы жолу улуттук валютабыз – сомду өзүбүз басып чыгара баштадык. Садыр Жапаровдун билдирүүсү: "Бүгүн - Кыргызстан үчүн тарыхый күн! Өлкөбүздүн тарыхында алгачкы жолу улуттук валютабыз – сомду өзүбүз басып чыгара баштадык. Буга чейин чет өлкөлөргө буйрутма

Адылбек Касымалиев "Digital Qazaqstan – 2026" форумуна катышты

Адылбек Касымалиев "Digital Qazaqstan – 2026" форумуна катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга болгон жумуш сапарынын алкагында "Digital Qazaqstan – 2026" эл аралык санарип форумуна катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Форумдун алкагында делегация башчылары санарип технологиялардын көргөзмөсү менен таанышып, жарандардын жашоосун жеңилдетүүгө жана экологияны коргоого багытталган долбоорлор сунушталды. Пленардык жыйында сөз сүйлөгөн Касымалиев