Жогорку Кеңеште санариптешкен заманбап музей жана жыйындар залдары ачылды

Жогорку Кеңеште санариптешкен заманбап музей жана жыйындар залдары ачылды

Бүгүн, Президент Садыр Жапаров менен Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин катышуусунда парламенттеги санариптешкен заманбап музей менен жаңыланган жыйындар залдары ишке киргизилди.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиргендей, аталган залдар толугу менен санариптик форматта иш алып барууга ыңгайлаштырылган. Айрыкча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн онлайн катышуусуна керектүү шарттар түзүлгөн. Бул өз кезегинде маселелердин ачык-айкын жана толук-кандуу талкууланышына көмөкчү болуп, убакытты натыйжалуу пайдаланууга да өбөлгө болот. 

Ишчаранын жүрушүндө өлкө башчыны парламенттин жаңыланган музейинен атайын гид-робот босогодон тосуп алып, музей тууралуу кеңири маалымат берди.

Гид-робот белгилегендей, музей эки бөлүктөн туруп, анын бири кыргыз элинин жана кыргыз парламентинин тарыхына арналган. Ал эми экинчи бөлүгү “Санарип парламент” деп аталып, Жогорку Кеңештин жалпы ишмердүүлүгү, анын ичинен мыйзам чыгаруу иши санариптик форматта чагылдырылган.

Президент жаңыланган музейдин ишине жогору баасын берип, парламенттин тарыхы жана иши менен шайлоочулар, айрыкча жаштар жана жалпы эле меймандар кабардар болуп турушу керектигин кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Садыр Жапаров: Мектеп маселесин 2028-жылга чейин толук чечебиз

Кыргызстанда мектеп маселесин 2028-жылга чейин толугу менен чечүү максаты коюлду. Бул тууралуу өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда мектеп, бала бакча жана маданият үйлөрүн куруу жана жаңылоо боюнча көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Чаткал районунда

Ишкер Media
Кара-Жыгач – Сары-Челек жолу оңдолууда

Кара-Жыгач – Сары-Челек жолу оңдолууда

Туристтик аймактарга баруучу жолдорго өзгөчө көңүл бурулууда. Анын ичинде Аксы районундагы Кара-Жыгач – Сары-Челек автожолу каралууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, жолдун жалпы узундугу 30 чакырымдан ашык. Аткарылган иштер: • 10 чакырымына асфальт толук төшөлдү • Суу өткөрүүчү түтүктөр жана бетон курулмалар орнотулду • 15 чакырымын тегиздөө жана кеңейтүү 99%

Ишкер Media
Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Тоо-кен компаниялары аймактарды өнүктүрүүгө жылына 500 млн сомго чейин каражат бөлөт

Кыргызстанда тоо-кен компаниялары өз кирешелеринин 2 пайызын облустук жана райондук өнүктүрүү фонддоруна которот. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 25-октябрда Чаткал районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, дүйнөлүк бааларга жараша аталган фонддорго жыл сайын 200 млн сомдон 500 млн сомго чейин каражат түшүшү мүмкүн. Бул каражат айылдардагы

Ишкер Media
Токтогул шаарын өнүктүрүүгө 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Токтогул шаарын өнүктүрүүгө 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Токтогул шаарында социалдык объектилерди курууга, жолдорду оңдоого жана инфраструктураны жакшыртууга 1 млрд 376 млн сомдон ашык каражат багытталган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрдагы иш сапарында маалымдалды. Билдирүүгө караганда, анын ичинен 450 млн сом 1000 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушуна, 230 млн сом 100 орундуу оорукананын курулушуна жана 130 млн

Ишкер Media