Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү
Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи.
Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч бышып, узак убакытка сактоого ылайыктуу кышкы сорт.
Интенсивдүү алмурут багы кадимки бакка салыштырмалуу эрте түшүм бере баштайт. Түшүм 2–3-жылдан тартып алынып, 5–10-жылдары эң жогорку көрсөткүчкө жетет. Кадимки бакта 1 гектардан орточо 5–10 тонна түшүм алынса, интенсивдүү технология колдонулган бакта бул көрсөткүч 60–70 тоннага чейин жетиши мүмкүн.
Сунушталган сорттордун дагы бир артыкчылыгы - негизги ооруларга жана зыянкечтерге салыштырмалуу чыдамкайлыгы. Мөмөлөрү ири, сапаттуу жана даамдуу болуп, ташууга жана муздаткыч кампаларда узак убакыт сактоого ылайыктуу. Бул өзгөчөлүктөр аларды экспортко чыгарууга да мүмкүнчүлүк берет.