Кыргызстан «Глобал Хакатом» эл аралык чемпионатында 3-орунду алды

Кыргызстан «Глобал Хакатом» эл аралык чемпионатында 3-орунду алды

Кыргызстандын «Ядролук көчмөн» («Ядерный кочевник») командасы «Глобал Хакатом» эл аралык студенттик чемпионатынын финалында үчүнчү орунду ээледи. Финал 14–15-сентябрда Екатеринбург шаарында Эл аралык жаштар фестивалы-2026нын алкагында өттү. Ага дүйнөнүн 15 өлкөсүнөн улуттук этаптардын 80ден ашуун жеңүүчүсү катышты.

Кыргызстандык топ автономдуу сүзүп жүрүүчү «атомдук» шаарды түзүү долбоору менен үчүнчү орунга татыды. Ал эми чемпионаттын жеңүүчүсү болуп - Россиянын «Акыл-эстин чегинен тышкары» командасы таанылса, экинчи орунду Түштүк Африка Республикасынын Зулуленд университетинин жамааты алды.

Чемпионаттын катышуучуларын жана жеңүүчүлөрүн РФнын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары Сергей Кириенко куттуктап, бул долбоорлор чындыкка айланышын каалай тургандыгын билдирди.

“Кыялдын ишке ашканын көрүүдөн өткөн кубаныч жок. Силердин долбоорлоруңар дүйнөнү өзгөртүүгө жөндөмдүү жана алар технологиялык жетишкендиктер жана илимий ачылыштар үчүн гана эмес, адамдарга канчалык пайда алып келип, өлкөлөрдөгү жашоону канчалык өзгөртө алары менен маанилүү. Бүгүн биз сыймыктанган нерселердин баары бир кезде бирөөлөрдүн кыялы болгонун унутпаш керек”, – деди Сергей Кириенко.
“Глобал Хакатом” (Global HackAtom) – катышуучулар 24 сааттын ичинде атом тармагындагы реалдуу маселелерге чечим табууга аракет кылган эл аралык студенттик чемпионат болуп саналат. Быйыл улуттук этаптар Азия, Латын Америкасы, Европа жана Африканын 15 өлкөсүндө өткөрүлгөн. Алардын жыйынтыгы боюнча 15 улуттук жеңүүчү-командалар Эл аралык жаштар фестивалынын алкагында Россияда өткөн финалда “Глобал Хакатом” чемпиондору наамы үчүн ат салышты.

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media