Украинадагы окуялардан улам Кыргызстанда доллардын курсу 100 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн
Улуттук банк доллардын курсун эркин кое берсе, Кыргызстанда доллардын курсу 100 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына «Альянс» акча алмаштыруу бюролор Ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов билдирди. Рыскуловдун айтымында, ата мекендик бизнес россиялык базар менен иштегендиктен биздин акча алмаштыруу жайлары Москва биржасына ориентир алышат. Бирок алар негизинен Улуттук