«Кант-Сүт» жана «Үмүт и К» азербайжандык ишкерлер менен кызматташат

Кыргызстанга Азербайжандан ишкерлер келишти. Алар президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугушуп, Баткен облусундагы жабыркагандарга жардам көрсөтүштү жана ошондой эле ата мекендик компаниялар менен меморандумга кол коюшту.

Маалым болгондой, азербайжандык ишкерлер «Кант-Сүт» жана «Үмүт и К» ишканалары менен кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюшуп, Atalyk Group менен мындан аркы кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Ошондой эле Чүй облусунун Ысык-Ата жана Кемин райондорунда убактылуу жашап жаткан Баткен облусунун куралдуу кагылыштан жабыркаган жарандарына Азербайжандан келген ишкерлер 252 миң сомдук гуманитардык жардам көрсөтүштү.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды