Баткен облусунда жабыркагандарга ачылган атайын эсептен 63.4 млн сом сарпталды

2022-жылдын 18-октябрына карата Баткен облусунда жабыркагандарга ачылган атайын эсептен 63 млн 450 миң сом коротулду. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Ошондой эле эсепте 268 млн 967 миң сом калдык бар.

Министрлик бул Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунда үйү күйүп кеткен жабыркаган жарандарга бир жолку компенсация түрүндө берилерин эскертет.

Баткен облусундагы абалды калыбына келтирүүнүн алкагында Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүп, 640 турак үйдү оңдоо, кайра курула тургандыгын аныкташкан. Анын ичинен 423ү жашоого жараксыз, 217си оңдоп-түздөөгө муктаж абалда.

Ошондой эле 11 административдик, стратегиялык объект, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, 61 унаа жана унаа өтүүчү 1 көпүрө жабыркаган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды