«Оптима Банк», «БАКАЙ БАНК» жана «Айыл Банктын» жетекчилик кызматтарында өзгөрүүлөр болду

Улуттук банк «Оптима Банк», «БАКАЙ БАНК» жана «Айыл Банк» ААКтарынын жетекчилик кызматтарына сунушталган талапкерлерди жактырды. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымат берилди.

Улуттук банк «Оптима Банк» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Сайлыбаев Максат Боранбайевичтин талапкерлигине 2022-жылдын 13-октябрында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

Ошондой эле ушул эле күнү Улуттук банк «Айыл Банк» ААКтын Башкармасынын төрагасы кызмат ордуна сунушталган Эржанов Максат Советбековичтин талапкерлигине макулдук берди. 

Регулятор «БАКАЙ БАНК» АККтын Башкармасынын төрагасынын орун басары кызмат ордуна сунушталган Алыбаев Нурдин Иризбаевичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды