Moody’s: Кыргызстандын экономикасы Украинадагы согуштун кесепеттерине туруктуулугун көрсөттү

Moody’s: Кыргызстандын экономикасы Украинадагы согуштун кесепеттерине туруктуулугун көрсөттү

Эл аралык Moody’s рейтинг агенттиги 2022-жылдагы КРнын ИДПсынын динамикасына берген баасын кайра карап чыгып, мурда күтүлгөн 1% төмөндөөдөн 3%га өскөнүн белгиледи. Бирок ошол эле учурда узак мөөнөттүү келечекте Кыргызстандын рейтинги боюнча божомолду “терс” кылып өзгөрттү.

Белгилей кетсек, акыркы маалыматтарга ылайык, Moody’s агенттигинде Кыргызстандын кредиттик рейтинги B3 көрсөткүчүндө турат, бул инвесторлор үчүн жогорку кредиттик тобокелдиктер бар дегенди түшүндүрөт.

Быйыл жазында агенттик Россиядагы кескин жана узакка созулган экономикалык төмөндөөлөр Кыргызстандын өнүгүшүнүн узак мөөнөттүү алсырашына алып келет, мигранттардын акча которууларынын кыскарышы жана финансылык туруктуулукка жасалган басым ага өбөлгө болуп кетет деп болжолдогон болчу.

Бирок Кыргызстан Украинадагы окуялардын экономикалык кесепеттерине туруктуулугун көрсөттү. Бул мигранттардын акча которууларынын туруктуу агымы жана кеңири ички суроо-талап менен камсыздалды.

Мындан тышкары, акыркы мезгилдеги тике чет өлкөлүк жана транспорт секторуна инвестициялардын туруктуу агымы, ошондой эле алтын секторуна инвестициялардын потенциалынын жогорулашы, тышкы инвестициялардын болжолу күтүлгөндөн жакшыраак өнүгүп жатканын көрсөтүүдө.

«Ошентсе да Россия менен Украинанын ортосунда уланып жаткан аскердик чыр-чатактын белгисиз убакытка созулушуна байланышкан терс тобокелдиктер, Россиядагы экономикалык кырдаалдын Кыргызстан үчүн узак мөөнөттүү кесепеттери олуттуу бойдон калууда, бул терс божомолдорду берет», – деп билдирди Moody’s өзүнүн талдоосунда.

Терс божомолдорду эске алганда, Кыргызстандын рейтингинин жогорулашы күмөн. Эгерде Moody’s орус-украин согушунун терс таасири экономиканын кыска мөөнөттүү туруктуулугун бузуп, бюджеттин аткарылышынын жана тышкы төлөмдөрдүн абалынын узак мөөнөткө начарлашына алып келет деген тыянакка келсе, Кыргызстандын рейтинги төмөндөшү мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Букада атайын техникаларга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалды

Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына жалпы 19 млн 437 миң сомго атайын техникалар жана автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу аймактык мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, райондук өнүктүрүү фондунун каражатынан 18 млн 287 миң сомго үч атайын техника алынган. Алардын катарында 10 млн 300 миң сомдук экскаватор, 4 млн