акыркы жаңылыктар

Кыргызстан Россиядан күйүүчү майдын 70%ын рубль менен сатып ала баштады

Кыргызстан Россиядан күйүүчү майдын 70%ын рубль менен сатып ала баштады

Кыргызстандын нефтетрейдерлери Россиядан күйүүчү-майлоочу майды (КММ) рубль менен сатып ала баштаганын жогорку Кеңештин жыйынында Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси Кеңешбай Тайлаков билдирди. Анын айтымында, күйүүчү майды россиялык валюта менен ала баштагандарына бир айдай болуп калган. «Бүгүнкү күндө нефтетрейдерлер күйүүчү майдын 70%ын рубль менен, калганын доллар менен сатып

Айыл чарба министрлиги маалымат борборун жана спутниктик анализ борборун түзүүнү көздөөдө

Айыл чарба министрлиги маалымат борборун жана спутниктик анализ борборун түзүүнү көздөөдө

Айыл чарба министрлиги маалымат борборун түзүү, ошондой эле ички байланышты автоматташтыруу боюнча иштеп жатат. Бул тууралуу «АгроСмарт» мамлекеттик ишканасынын директору Кадырбек Бурабаев «Агроөнөр жай комплексинин санариптик экосистемасын өнүктүрүү» деген аталыштагы биринчи эл аралык форумда билдиргенин министрликтин маалымат кызматы кабарлады. «Биз айыл чарба министрлигинин ичинде өз ара аракеттенүүнү кургубуз келет, анткени

Россия менен Казакстандын чек араларын поезд менен кесип өтүүдө COVID-19 чектөөлөрү боюнча талаптар айтылды

Россия менен Казакстандын чек араларын поезд менен кесип өтүүдө COVID-19 чектөөлөрү боюнча талаптар айтылды

«Кыргыз темир жолу» эл аралык каттамдардагы жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддерде жүрүүдө COVID-19 чектөөлөрү боюнча Россия жана Казакстандын мамлекеттик чек араларын кесип өтүү тартибин эске салат. Казакстан Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, поездге түшүү үчүн COVID-19га карата ПЦР тесттин терс жыйынтыгы менен (казак, орус же англис тилдеринде), берилген күндөн

Бишкек шаарынын мэри жол тыгынын азайтуу жана унаа токтотуучу жайларды көбөйтүү боюнча тапшырмаларды берди

Бишкек шаарынын мэри жол тыгынын азайтуу жана унаа токтотуучу жайларды көбөйтүү боюнча тапшырмаларды берди

Борбор калаанын мэри унаа тыгындарын азайтуу боюнча комплекстүү иш-чаралардын планын иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардык кызматтардын, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын  ПМББ жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилери менен калаанын жолдорундагы тыгындарды азайтуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Июнь айында Самара, Новосибирск жана Казань шаарларына поезддердин каттамы жанданат

Июнь айында Самара, Новосибирск жана Казань шаарларына поезддердин каттамы жанданат

6-9-июнь күндөрү Кыргызстандан Россияга эл аралык жүргүнчү ташуучу поезддердин каттамы жанданат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалым болгондой, кыймыл төмөнкү багыттар боюнча жүрөт: * Бишкек – Самара: 8-июндан баштап, Бишкектен шаршемби жана жума күндөрү, жумасына эки жолу жүрөт * Бишкек – Казань: 6-июндан баштап, Бишкектен дүйшөмбү күндөрү,

Январь-март айларында экономиканын финансы секторунун кирешесинин 93%ын банк сектору камсыздады

Январь-март айларында экономиканын финансы секторунун кирешесинин 93%ын банк сектору камсыздады

2022-жылдын январь-март айларында финансы секторунда 24.4 млрд сом киреше алынды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 1.5 эсеге көп. Мында кирешелердин өсүшүнүн 93%ын банк сектору камсыздады. Бул тууралуу Улутстатком билдирди. Ушул эле мезгилде финансы секторунун уюмдарынын чыгымдары 30%га көбөйгөн жана 12.6 млрд сомду

Өткөн жылы Улуттук банк мамлекеттик бюджетке 6.3 млрд сом чегерген

Өткөн жылы Улуттук банк мамлекеттик бюджетке 6.3 млрд сом чегерген

2021-жылы Улуттук банк мамлекеттик бюджетке 6.3 млрд сом чегерген. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары  Жеңиш Нурбек билдирди. Бүгүн, 25-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «КРнын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндөгү» мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды. Белгилей кетсек, мыйзам долбоору Улуттук банкынын пайдасынан республикалык бюджетке түшүүчү чегерүүлөрдүн

Улуттук банк эки акча алмаштыруу жайын лицензиясынан ажыратты

Улуттук банк эки акча алмаштыруу жайын лицензиясынан ажыратты

Улуттук банк эки акча алмаштыруу жайын лицензиясынан ажыратканын регулятордун маалымат кызматы билдирди. * Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 150, № 6 дарегинде жайгашкан «Пайда кей джи» ЖЧК алмашуу бюросунун 2021-жылдын 6-майындагы № 6121 лицензиясы * Бишкек шаары, Жибек-Жолу пр. 172 дарегинде жайгашкан «Три семерки плюс» ЖЧК алмашуу бюросунун 2021-жылдын 13-январындагы

Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду КРнын РЖЖТ долбоорун каржылоого 31 млн доллар берет

Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду КРнын РЖЖТ долбоорун каржылоого 31 млн доллар берет

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында, министрлер кабинети менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондусунун ортосундагы «Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу» (РЖЖТ) долбоорун каржылоо боюнча Келишимдин долбоору жактырылды. «Долбоорго 31.28 млн доллар каралган. Анын ичинен 8.25 млн доллары грант жана 23.3 млн

Ош калкын таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорго тендер июль айында гана жарыяланат – жакында чечилбейт

Ош калкын таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорго тендер июль айында гана жарыяланат – жакында чечилбейт

23-майда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов таза суу менен камсыздоо боюнча долбоордун тендери июль айында жарыяланаарын маалымат жыйынында билдирди. Белгилей кетсек, Ош шаарынын тургундары ичүүчү сууну Ак-Буура дарыясынан алгандыктан, суу жамгырдан кийин булганса сааттап, айрым учурда эки-үч күнгө чейин шаар эли таза суусуз калат. . «Жарандарды таза суу

Министрлер кабинети иш сапары менен Жалал-Абадда жүрүшөт

Министрлер кабинети иш сапары менен Жалал-Абадда жүрүшөт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Кыргызнефтегаз» ААКсына барды.  Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун, өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун, венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун, ошондой эле мамлекеттик банктардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте ишканалардын абалы менен таанышып, жетекчилиги менен болгон көйгөйлөрдү талкуулады. Бакыт Төрөбаев

«Теплые ключи» комплекси «Электр станциялары» ААКсына 15 жылдык мөөнөткө пайдаланууга берилди

«Теплые ключи» комплекси «Электр станциялары» ААКсына 15 жылдык мөөнөткө пайдаланууга берилди

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылы дарегинде жайгашкан «Теплые ключи» дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплексинин кыймылсыз мүлкү «Электр станциялар» ААКга мөөнөтүн узартуу укугу менен 15 жылдык мөөнөткө акысыз убактылуу пайдаланууга берилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун минкабдын маалымат кызматы билдирди. «Мындай чечим «Теплые ключи» ден