Европа инвестициялык банкы Бишкекте Борбор Азия боюнча аймактык өкүлчүлүгүн ачууга даяр
Европа инвестициялык банкы (ЕИБ) Кыргызстанда банктын Борбор Азиядагы аймактык өкүлчүлүгүн ачууга, ошондой эле суу менен камсыздоо жана айыл чарба секторлорун насыялоону баштоого даяр. Мындай билдирүүнү ЕИБ миссиясынын башчысы Адам Брун кечээ, 29-апрелде Экономика министри Данияр Амангелдиев менен болгон жолугушуусунда айтканын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда тараптар жашыл