Кореялык инвесторлор түштүктөгү кенди басып алган рейдерлерди жоопко тартууну суранышууда
Кореядан келген инвесторлор кыргыз бийлигинен Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы «Төмөнкү Чандалаш» кенин басып алгандарды жоопко тартууну суранышууда. Бул тууралуу Коррупцияга каршы ишкер кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Коррупцияга каршы ишкердик кеңешке Түштүк Кореянын чет өлкөлүк жарандарынан, атап айтканда «Тоокен Корея» ААКсынын директору Ли Кын А. берген билдирүүгө ылайык, чет өлкөлүк