Президент акы төлөп автоунаанын айнегин күңүрттөөгө уруксат берди

Президент акы төлөп автоунаанын айнегин күңүрттөөгө уруксат берди

Президент Садыр Жапаров Акы төлөп унаа айнегин күңүрттөө жөнүндө Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

«Мыйзамдын максаты – республикалык бюджетке салыктык эмес келип түшүүлөрдү көбөйтүү жана акы төлөө негизинде транспорт каражаттарынын ээлерине транспорт каражатынын алдыңкы эшиктердин каптал айнектерин күңүрттөөгө мыйзамдуу түрдө уруксат алуу мүмкүнчүлүгүн берүү. Башкача айтканда тартип бузуу, кылмыштуулуктун санын азайтуу менен бирге бюджетке түшчү акча каражатынын көлөмүн көбөйтүү болуп саналат», – деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, мындай демилгени Экономика министрлиги республикалык бюджетке салыктык эмес кирешелерди көбөйтүү максатында көтөрүп чыккан болчу.

Алымдын өлчөмү жана төлөө тартиби Министрлер кабинетинин чечими менен аныкталат. Бирок буга чейин анын баасы 50 миң сом өлчөмүндө болоору айтылып келген болчу.

Автоунаанын алдыңкы каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат Carcheck системасы аркылуу автоматтык түрдө берилет. Система төмөнкүдөй иштейт: төлөм жүргүзүлгөндөн кийин, арыз «Унаа» мамлекеттик мекемесине электрондук түрдө жөнөтүлөт жана каттоо ошол жерде жүргүзүлөт, ал автоматтык түрдө Carcheck тутумунда чагылдырылат. Андан кийин унаа ээси барып, айнектерин күңүрттөй берсе болот. Күңүрттөөчү материалдарга эч кандай талаптар жок. Бирок айып пулдары төлөнбөгөн унаа ээлерине айнегин күңүрттөөгө уруксат берилбейт.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарын облусунда электр унааларын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат. Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, кубаттоочу станцияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагы” облус аймагындагы электр унаа ээлеринин керектөөсүн камсыз кылып, экологиялык жактан таза транспорт түрүн өнүктүрүүгө жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө. Электр

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө. Ошондой эле дарыянын нугунун

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда словениялык тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, экономиканын артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. "Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жана