«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол курулушунун долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашуу дээрлик бүтүп калды

«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол курулушунун долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашуу дээрлик бүтүп калды

«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол курулушунун долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашуу дээрлик бүтүп калды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун расмий ачуу салтанатында сүйлөгөн сөзүндө айтты.

Жапаров бардык пландар жана макулдашуулар жакынкы келечекте ишке ашат деп ишенээрин билдирди.

«Тиешелүү мамлекеттик органдар бизди Түштүк Азия өлкөлөрү менен байланыштыруучу «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол курулушунун долбоорун ишке ашыруу боюнча дээрлик бардык маселелерди макулдашты.

Келечекте биз бул магистралдын транспорттук потенциалын активдүү пайдаланууга тийишпиз. Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду өз ара пайдалуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн натыйжалуу аянтча катары бизнес субъекттеринин түз байланышын чыңдоого чоң салым кошуп, ошондой эле жаңы биргелешкен ишканаларды ачууга өбөлгө түзөт деп ишенем», – деди Министрлер кабинетинин төрагасы.

Өз кезегинде Өзбекстандын премьер-министринин орун басары – инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков эки өлкө лидерлеринин саясий эркине жараша эки тараптуу өз ара аракеттенүү жаңы сапаттуу деңгээлге чыккандыгын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарын облусунда электр унааларын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат. Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, кубаттоочу станцияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагы” облус аймагындагы электр унаа ээлеринин керектөөсүн камсыз кылып, экологиялык жактан таза транспорт түрүн өнүктүрүүгө жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө. Электр

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери күчөтүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштерине көзөмөл жүргүзүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөлдүн негизги максаты — сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктеринин жуулуп кетишине жана жер көчкү коркунучуна жол бербөө. Ошондой эле дарыянын нугунун

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкордун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жер мунапысын ишке ашыруунун алкагында, мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылы Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери Ак-Кыя айылынын тургундары М.О. жана М.С. аттуу жарандарга турак жай куруу үчүн 0,7 га

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Словения инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

27-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Словениянын RIKO компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда словениялык тарапка Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү, экономиканын артыкчылыктуу багыттары жана эл аралык өнөктөштүк үчүн келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу маалымат берилди. "Биз келечектүү демилгелерди ишке ашырууга жана