Дыйкандарга 300 миң сомго чейин күрөөсүз шартта насыялар берилет
Бул жылы дыйкандар күрөөсүз шартта 300 миң сомго чейин насыя ала алышат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тамак-аш, кайра иштетүү өнөр жайы жана транспорт-логистика тармагында иштеген ишкерлер менен жолугушуу учурунда айтылды. Жолугушууда тараптар айыл чарбасындагы учурдагы абалды жана ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн экспорттук мүмкүндүктөрүн талкуулашты.