акыркы жаңылыктар

Айыл чарба министрлигине сугат иштерине жана үрөн сатып алууга 2 млрд сом бөлүнөт

Айыл чарба министрлигине сугат иштерине жана үрөн сатып алууга 2 млрд сом бөлүнөт

Айыл чарба министрлигине сугат иштерине жана үрөн сатып алууга 2 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Ошондой эле дыйкандарга жеңилдетилген үстөк менен насыя берүү үчүн «Айыл Банк» ААКга кошумча каржы булактарын бөлүү каралууда. Эскерте кетсек, өткөн жылдын аягында «Айыл Банктын» уставдык капиталы бюджеттин эсебинен 2.5

Кыргызстандагы казакстандык бизнес негизинен каржы-банк секторунда иш алып барат – президент

Кыргызстандагы казакстандык бизнес негизинен каржы-банк секторунда иш алып барат – президент

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы казакстандык бизнес негизинен каржы-банк секторунда, тоо-кен, тамак-аш өнөр жайы, соода жана тейлөө жана байланыш тармактарында иш алып барат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Казахстанская правда» басылмасына берген маегинде билдирген. Садыр Жапаров маегинде казак-кыргыз кызматташтыгынын азыркы абалы жана өнүгүү келечеги тууралуу айтып берген. Президенттин

Кыргызстанда көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу токтоду

Кыргызстанда көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу токтоду

Кыргызстанда 11-октябрдан тарта 90 күнгө киргизилген көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу аяктаганын Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин берген маалыматы боюнча, учурда көмүрдүн баасы туруктуу, бааны мамлекеттик жөнгө салуу мезгилинде 460 сапарда 1801 соода түйүндөрү текшерилген. Ишкерлерге бааны жогорулатпоо боюнча 546 билдирүү түшкөн, мыйзам бузууларды

МСК тамеки жана алкоголдук продукцияга акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук долбоорду баштайт

МСК тамеки жана алкоголдук продукцияга акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук долбоорду баштайт

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын январынан 1-июлуна чейин өлкөнүн аймагында милдеттүү же ыктыярдуу маркалоого тийиш болгон акциздик товарларга акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду өткөрөөрүн мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Тактап айтканда, январь айынан баштап тамеки буюмдары боюнча, 1-февралдан тарта алкоголдук продукция боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат.

Кыргызстанда жыл аягында инфляция эксперттер күткөндөн да жогору болду

Кыргызстанда жыл аягында инфляция эксперттер күткөндөн да жогору болду

Кыргызстанда жыл аягында инфляция эксперттер күткөндөн да жогору болуп чыкты. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2021-жылы керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 11.2%ды түздү. Тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 13.3%га, алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки 14.4%га, азык-түлүк эмес товарлар 9.7%га,

Декабрь айында аба ырайы жылуу болгондуктан электр энергиясын керектөө 300 млн кВт/саатка кыскарды

Декабрь айында аба ырайы жылуу болгондуктан электр энергиясын керектөө 300 млн кВт/саатка кыскарды

Декабрь айында аба ырайынын жылуу болгондугуна байланыштуу электр энергиясын керектөө дээрлик 329 млн кВт/саатка кыскарган. Мындай маалыматты «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын диспетчердик кызматы билдирди. Кыргызстанда декабрь айында электр энергиясын керектөө 1 млрд 757 млн кВт/саатты түзсө, былтыр, 2020-жылдын декабрь айында сууктун кесепетинен 2 млрд 86 млн

«Арча-Бешик» конушунун тургундары митингге чыгышты

«Арча-Бешик» конушунун тургундары митингге чыгышты

Бүгүн, 14-январда мэриянын имаратынын алдына «Арча-Бешик» конушунун тургундары жер тилкелеринин документтерин берүүнү талап кылышып, митингге чыгышканын kaktus.media билдирди. 56 жер тилкесинин ээлери «кызыл китептерди» берүүнү талап кылууда. Митингчилер жер тилкелерине 2005-жылдан бери ээлик кылып келгенин, жер тилкелерин саткан адамдардын колу коюлган протоколдор бар экенин айтышкан. Алардын

Алматы жана Нур-Султандан Бишкекке аба каттамдар жанданды

Алматы жана Нур-Султандан Бишкекке аба каттамдар жанданды

«Эйр Астана» авиакомпаниясы 12 – январдан тартып Нур-Султан – Бишкек – Нур-Султан жана 14-январдан баштап Алматы – Бишкек –Алматы багыттары боюнча авиакаттамдарды жандандырды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады жана ал каттамдар менен билеттер боюнча бардык суроолор менен «Эйр Астана» авиакомпаниясына кайрылууну эскертет. Ошондой эле «МЭА» ААК Казакстанга

Баткен районундагы кичи ГЭСтин курулушуна жеке инвестор 1 млн доллар инвестиция салды

Баткен районундагы кичи ГЭСтин курулушуна жеке инвестор 1 млн доллар инвестиция салды

Баткен облусунда кичи ГЭС курулуп жатат. Курулушка жеке инвестор 1 млн доллардан ашык каражат бөлгөндүгүн Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев билдиргенин президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди. Анын айтымында, ГЭС Кыштут айыл аймагын электр энергиясы менен камсыздамакчы. Кичи ГЭСтин курулушу өткөн жылдын сентябрь айында башталып, ага 20 жумушчу тартылган. Иш

2021-жылы КРнын ЕАЭБ мамлекеттери менен  соода көлөмү 3 млрд долларга жетти

2021-жылы КРнын ЕАЭБ мамлекеттери менен соода көлөмү 3 млрд долларга жетти

Кыргызстандын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2021-жылдын январь-ноябрына карата 2.9 млрд долларды түзгөн. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалымат кызматы билдирди. Бул көрсөткүч 2020-жылдын январь-ноябрына салыштырганда 31.4%га өскөнүн көрсөтөт. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 30.4%га, импорттук келип түшүүлөр 31.7%га жогорулаган.

Өткөн жылы эң көп алкоголдук ичимдиктер менен тамеки кымбаттаган – 14.4%

Өткөн жылы эң көп алкоголдук ичимдиктер менен тамеки кымбаттаган – 14.4%

Улуттук статистикалык комитет 2021-жылдагы керектөө бааларына талдоо жүргүзүп, эң көп алкоголдук ичимдиктер менен тамеки кымбаттаганын маалымдады. Өткөн  жылдын январь-декабрында (мурдагы жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 11.2%ды түзгөн. Ушул эле учурда тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 13.3%га, алкоголдук ичимдиктердин

2021-жылы КРнын өнөр жай продукциясынын көлөмү дээрлик 360 млрд сомду түздү

2021-жылы КРнын өнөр жай продукциясынын көлөмү дээрлик 360 млрд сомду түздү

2021-жылдын январь-декабрына карата КРнын өнөр жай продукциясынын көлөмү 357 млрд сомду түзүп, мурдагы жылдын ошол мезгилине салыштырганда 9%га көбөйдү. Бул тууралуу Улутстатком билдирди. Өнөр жай продукциянын көбөйүшү тазаланган мунай азыктарынын өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүшү (67%), ошондой эле резиналык, пластмассалык буюмдар, башка металл эмес минералдык продуктулардан (29.5%), жыгач