Таластык ишкерлер ККМди колдонуудан баш тартып, патенттик системаны калтырууну талап кылышууда
Талас шаарындагы бир катар соода борборлорунун сатуучулары 2022-жылдан тарта кассалык-көзөмөл машиналарды (ККМ) милдеттүү түрдө колдонууну жокко чыгаруу талабы менен кечээ, 27-декабрда митингге чыгышканын «Азаттык» билдирди. Нааразычылык акциясы «Алтын Казык» соода борборунда өтүп, ага 20га жакын адам катышкан. Алардын айтымында, ишкерлер азырынча ККМге өтүүгө даяр эмес. Митингге чыккандар