Эркиндик бул аябагандай маанилүү. Равшан Жээнбеков камактан чыкты

Саясатчы Равшан Жээнбеков камактан эркиндикке чыкты. Бул тууралуу саясатчы бүгүн, 27-декабрда өзүнүн фейсбук баракчасында кабарлады.

Жээнбеков видео кайрылуу жасап, анда жаңы күчүнө кирген Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесине ылайык, эркиндикке чыкканын билдирген.

«Эркиндик бул аябагандай маанилүү. Мени колдогондорго ЖМКга,  жарандык коомго, тарапташтарыма жана саясатчылардын баарына терең ыраазычылыгымды билдирем», – деди ал.  

Эскерте кетсек, Жээнбеков быйыл парламенттик шайлоодо бир мандаттуу округдан депутаттыкка талапкер болгон. Президент Садыр Жапаров шайлоодо Равшан Жээнбековго добуш бергени тууралуу айткан эле.

Равшан Жээнбеков 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылындагы окуя боюнча кармалып, айыпталган болчу. 2020-жылдын октябрындагы окуялардан кийин ал бошотулуп, үй камагында жүргөн. 2021-жылдын 5-августунда «үй камагын бузуу» боюнча баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ал кайрадан камакка алынган. Ал эми 27-декабрда Кой-Таш окуясы боюнча камакка алынгандардын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Жээнбеков эркиндикке чыккан.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 100гө жакын кызматкер суу тарифтери боюнча талкууга катышты

Куткаруучулар 10 айда 428 адамды өлүмдөн сактап калышты

Малайзияда темир жол тармагында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды

Бишкекте аянты 12 000 чарчы метрди түзгөн спорт академиясы курулууда

Кыргызстан менен АКШнын кызматташуу маселелери сүйлөшүлдү