Галина Байтерек мыйзамсыз жерге курган имаратын 8 миң долларга ижарага берет
Президенттик аппараттын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы, буга чейин президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы болуп иштеп келген Галина Байтеректин мыйзамсыз курулган имараты тууралуу социалдык тармактарда маалымат тарады. Маалыматка караганда Галина Байтерек Бишкек шаарынын 5-кичи районунда, тагыраак айтканда, Саякбай Каралаев көч., 42 дарегинде имаратты салдырып,