Бизнес президентти экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү жөнүндөгү мыйзамга кол койбоого чакырат
Бизнес президентти экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча мыйзам долбооруна кол койбоого чакырат. Бул тууралуу базарлардын, соода жана тейлөө ишканаларынын ассоциациясынын аткаруучу директору Артур Ташибеков бүгүн, 2-августта брифингде билдирди. Ташибеков мамлекет башчысын документти макулдашуу комиссиясына кайтарып берүүгө чакырды. Ал жерден эксперттер тобу, мамлекеттин жана калктын өкүлдөрү экономикага зыян келтирбей,